УКМК: «Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Дыйканбаев пара менен кармалды»

УКМК: «Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Дыйканбаев пара менен кармалды»

Бүгүн, 24-ноябрда, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Дыйканбаев 2020-жылдын октябрдагы шайлоо учурунда, кайсы бир саясий партия кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисинен кызматтан алып саларын айтып коркутуп 7 млн. сомдон ашык каражат талап кылган. Мыйзамсыз алынган ал каражаттарды шайлоо кампаниясында колдонгон жана муну менен ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып көбүрөөк добуш алууну көздөгөн.

Эми Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө…

Дыйканбаев Курманбек Сапарович КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылдын 14-февралында дайындалып, VI чакырылыштагы парламент өз мөөнөтүн узартып ишин уланткандан кийин ошол кызматта иштеп жаткан эле…

Айтмакчы, ал 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Биримдик»партиясы менен талапкерлер тизмесинде 58-сапта туруп катышкан болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.