ВИДЕО — «Текебаев Маевскийден 1 млн доллар алганы чын, аны Кулов да билет»,-дейт го Жапаров

ВИДЕО — «Текебаев Маевскийден 1 млн доллар алганы чын, аны Кулов да билет»,-дейт го Жапаров

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кечээ, 23-ноябрда “7-каналга” барып, коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоору тууралуу айтып берди. Анда ал: «2010-жылдагы Конституцияны Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган»,-деп күнөөлөп, атургай «Маевскийден да 1 млн доллар алганы анык, аны мен тастыктап берем» деп салды. Аны төмөндөн көрүңүз:

Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген жалган көрсөтмөнүн, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, үй камагына чыгарган. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралууда…

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда кайтарып алган. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, ордун бошотуп берген. Ал боюнча БШКга арыз жазып, ал канааттандырылган.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат»

Кечээ, 23-ноябрда Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгарды. Тагырагы, акын, президенттикке талапкер Темирлан Ормуковдун арызын сот канааттандырды.

Соттун мындай чечимин Өмүрбек Текебаев тастыктап: «Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат»,-деп билдирген.

Өмүрбек Текебаев «Мегаком» чыры, Маевский боюнча буга чейин айтып эле келген. «Тастыктап берем» деген Садыр Жапаровго да жооп айтаар…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.