ВИДЕО — ЖАПАРОВ: » Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, Конституциялык кеңешмеге барып сунуштарын беришсин!»

ВИДЕО — ЖАПАРОВ: » Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, Конституциялык кеңешмеге барып сунуштарын беришсин!»

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кечээ, 23-ноябрда “7-каналга” барып, коомдук талкууга чыгарылган Конституциянын долбоору тууралуу айтып берди. Анын айтымында, талкууланып жаткан Конституция долбоору 10 жылдан бери талкууланып келе жаткан документ. Аны 2010-жылы Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган.

Ошондой эле ал 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды “хандык башкарууга жол ачкан” укуктук механизми катары баса белгилеп, буларды айтты: “Текебаевдин Конституциясынын кесепетинен сазга баттык. Эгер мен ханский Конституция менен жашай турган болсом, жеке кызыкчылыгымды көздөсөм, ушул Конституция менен 3 же 5 жыл башкарып отура бербейт белем. Эми Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө бул долбоорду зордоп, “бүгүн-эртең кабыл ал” деп жаткан эч ким жок. «Элдин талкуусуна койгула» деп айтар элем. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбесе, түшкөн сунуштарды кабыл алыш керек. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, ошол жакка барып сунуштарын беришсин. Улуттук Академияда талкуу жүрүп жатат”.

Садыр Жапаровдун айткандарын төмөндөн көрүңүз:

Белгилей кетсек, 20-ноябрда, Конституциянын жаӊы долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койгон.

Конституциялык Кеңешмеге 89 адам (35и илимпоз) мүчө болуп кирип, анын төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев шайланган. Алар Баш мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун талкуулашууда…

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт. Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Ал эми депутат Дастан Бекешев жаӊы Баш мыйзам долбоорун «Бакиевдердин 2010-жылдагы 7-апрель үчүн өч алуусу» деп атады. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Жаны долбоорго кол койгон 80 депутаттын ТИЗМЕсин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “ВИДЕО — ЖАПАРОВ: » Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, Конституциялык кеңешмеге барып сунуштарын беришсин!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.