ИИМ: «Каргашалуу өлүм бүт өмүрүн милицияга арнаган полковнигибизден айрыды…»

ИИМ: «Каргашалуу өлүм бүт өмүрүн милицияга арнаган полковнигибизден айрыды…»

Бүгүн, 25-ноябрда, милициянын полковниги, белгилүү акын, жазуучу Бузурманкулов Жолдошбек Карабалаевич 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алар кесиптешин терең кайгыруу менен төмөндөгүдөй эскерген:

Каргашалуу өлүм биздин катардан өз өмүрүн бүт милиция кызматына арнаган татыктуу офицерден айрыды. Ал өз кызматын абийирдүү аткарып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кадыр-баркы жогору болгон. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кесиптеши, ИИОнун ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Бузурманкулов Жолдошбек Карабалаевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен маалымдайт.

Анын бүт өмүрү ички иштер органдарына жана элине кызмат кылууга арналган. Ал ар дайым маанайы жарык, жардамын эч кимден аябаган, сөзү менен иши төп келген инсан эле. Жолдошбек Карабалаевич менен маектешүү ар дайым жагымдуу маанай тартуулап, мол тажрыйбасы менен бөлүшүп келген.

Жолдошбек Карабалаевич Бузурманкулов 1947-жылдын 2-октябрында Талас областынын Талас районундагы Кең –Сай айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин жана СССР ИИМдин Карагандадагы жогорку мектебин аяктаган. Ички иштер органдарына Жолдошбек Карабалаевич Фрунзе шаарынын ИИБдин Ведомстволук милициясынын өзүнчө взводунун 2 разряддагы милицияонери болуп келген. Бир жыл өткөн соң, Фрунзе шаарынын Свердлов районунун аткаруу комитеттинин ИИБдин бириктирилген дивизиондук бөлүмчөсүн жетектеген. Андан кийин Октябрь РИИБнин бириктирилген дивизионунун бөлүмчөсүнүн взводдун командири, КССРнин ИИМдин Коомдук тартипти сактоо башкармалыгында улук тескөөчүсү, Фрунзе шаарынын аткаруу комитетинин ИИБдин алдындагы ведомстволук эмес күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары, Октябрь районунун аткаруу комитетинин ИИБдин башчысынын орун басары, 1991-жылы ИИМдин “Бетме Бет” газетасында редактордун орун басары, 1993-жылдан 2004-жылга чейин ИИМдин Басма сөз кызматынын башчысы болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан . Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн.

Өз кесибинин мыктысы, милициянын отставкадагы полковниги Жолдошбек Бузурманкулов ИИМдин бардык сыйлыктары менен сыйланган. Көптөгөн чыгарчылык сынактардын жеңүүчүсү, журналист, котормочу, бир нече китептин автору болгон. Эмгек жолунун 36 жылын милицияга арнаган. 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Жолдошбек Бусурманкулов даңазалуу «Илиястын ыры», «Жүрөккө сүйүү из салса» сыяктуу ондогон обондуу ырлардын сөзүн жазган.

ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу, ички иштер министрлигинин өздүк курамы милициянын отставкадагы полковниги Жолдошбек Бузурманкуловдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Жолдошбек Карабалаевич жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Жолдошбек БУЗУРМАНКУЛОВ: «Бүгүн олтуруп алып эки ыр жазам” дегендин өзү халтура»

Алтындай болгон байкебиз менен эки жыл мурун чыгармалыгы тууралуу маек курдук эле. Жаркылдаган байкебиз: “Бүгүн олтуруп алып эки ыр жазам” дегендин өзү халтура. Ыр деген эки түрдө жазылат. Биринчиси – жүрөктөн чыккан ыр. Ошон үчүн “жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет» деп бекер айтылбайт да. Экинчиси – сөзгө сөздү зордоп алып келип чаптаган ыр. Бул мээден жаралган ыр болот. Андай ыр элге жугумсуз болот, өзүңө деле жакпайт. Негизи жүрөктөн чыккан ыр “карыбайт”, 50-60 жыл, дегеле муундан муунга кала берет» деген эле.

Анын сынарындай, Жолдошбек агабыздын калеминен жаралган «Ильястын ыры» бир учурда татыктуу обонго ээ болуп, канча ырчы-аткаруучунун репертуарына кошулуп муундан-муунга өтүп ырдалып келатат. Байкебиздин бул ырды жана башка көп нерседен кеп кылган маегин толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Насбүбү ЭГЕМБЕРДИЕВА:«Күйөө бала, келиндерден чай ичип, тура турсаң болот эле өлбөстөн»

Байкебиз менен болгон жогорудагы баарлашуудан кийин жубайы, КРнын Эл агартуусунун отличниги, КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү, КУУнун эмгек сиңирген кызматкери жана эмгек сиңирген ардагери, белгилүү акын Эгембердиева Насбүбү эжебиз менен да маек курганбыз. Тилекке каршы, жаркылдаган эжебиз да катарыбызда жок…

Маркум Эгембердиева Насбүбү эжебиздин маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркум Жолдошбек Бузурманкуловдун бир туугандарына, балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.