Чакиев англис тилин расмий тил кылалы дегенде, Мусаев каршы чыгып, “абсурд” деди… 

Чакиев англис тилин расмий тил кылалы дегенде, Мусаев каршы чыгып, “абсурд” деди… 

Конституциялык кеңешменин жыйыны уланууда. Бүгүнкү (26-ноябрда) жыйында, Кыргызстанда экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүүнү Конституциялык кеңешменин мүчөсү, Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев сунуштап, ага профессор Сыртбай Мусаев каршы чыкты.

Башка тилди расмий тил катары киргизүүнү Конституциянын долбооруна киргизүү маселесин кароону сунуштайм. Азыркы Конституцияда расмий тил орус тили болуп саналат. Бул туура жана өз убагында кабыл алынган чечим болду деп эсептейм. Мунун аркасында биз ондогон өлкөлөр менен өз ара аракеттене алабыз. Азыр 100дөн ашык өнүккөн өлкөлөрдө англис тили колдонулат, 10-20 мамлекетте расмий статуска ээ. Эгерде биз заманбап дүйнөлүк процесстерге катышууну кааласак, протоколго англис тилин экинчи расмий тил катары киргизүүнү карап көрсүн деген тапшырманы берип койсоңуздар” – деди Чакиев.

Сыртбай МУСАЕВ: «Бул акылга сыйбаган нерсе»

Мындай сунушка каршы чыгып, “абсурд” атаган Сыртбай Мусаев (Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор): “Бул деген акылга сыйбаган нерсе. Билем, баарыбыздын тилегибиз. максатыбыз бир. Бирок, максатка жетүү үчүн улуттун кызыкчылыгы курмандыкка чалынбаш керек, улутту башкалардын алдына басып бербеш керек!” – деди.

Эске салсак, буга чейин мамлекеттин аталышы боюнча да сөз козголгонун билебиз. Өлкө атын өзгөртүү сунуштарын Конституциялык кеңешме мүчөлөрү Марат Кайыпов менен Кадыр Кошалиев көтөрүп чыгышкан. Аны толугу менен бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот…

Конституциялык кеңешмеде кимдер бар?

Конституциялык кеңешме курамы өзгөрдү. Ал жакка дагы 10 адам кошулганын президенттин маалымат кызматы кечээ, 25-ноябрда, билдирди. Алар 10 адам булар:

  1. Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;
  2. Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;
  3. Алмамбет Шыкмаматов — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  4. Төлөйкан Исмаилова — «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмунун директору;
  5. Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, «Плюрализм» гезитинин редактору;
  6. Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;
  7. Асел Абакирова — юридика илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
  8. Кантемир Мурзабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  9. Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
  10. Таалайбек Шамурзаев — Кыргыз-орус славян университетинин Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда, Конституциянын жаӊы долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койгон.

Конституциялык Кеңешмеге 89 адам (35и илимпоз) мүчө болуп кирип, анын төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев шайланган. Ошондон бери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулашууда.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаны долбоорго кол койгон 80 депутаттын ТИЗМЕсин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Чакиев англис тилин расмий тил кылалы дегенде, Мусаев каршы чыгып, “абсурд” деди… 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.