ВИДЕО — Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ: «Матраимов бардык жерге өз кишилерин коюп мафия системасын түзүп алган»

ВИДЕО — Өмүрбек СУВАНАЛИЕВ: «Матраимов бардык жерге өз кишилерин коюп мафия системасын түзүп алган»

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев мындай пикирин «Азаттыкка» маек берип жатканда билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик бажы кызматынынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бардык жерге өз кишилерин коюп мамлекетте мафия системасын түзүп алган.

«Райымдын, криминалдын феномени — бүт жерлерге кишилерин коюп алган. Күч түзүмдөрүнүнүн, кала берсе, журналисттер алардын карамагында. Эмне үчүн мафия деген терминди колдонуп жатам? 21-кылымда Кыргызстанда мафия түзүп алган Райым болгон«, — дейт Суваналиев.

Эске сала кетсек, Бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүү алкагында Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Бирок, ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташууга барды деп, эч жакка кетпөө тилкаты  менен бошоткон. Ал тергөө менен кызматташууга жана 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун УКМК билдирген. Матраимов өзү УКМК айыптоосу боюнча комментарий берген эмес, бирок ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

Финансы министрлигинин 19-ноябрдагы маалыматына ылайык, Матраимов азырынча 536,2 млн. сомду мамлекетке төктү.

Тактай кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы митингинен кийин бийлик алмашып, депутаттарды бир канча жолу добуш бердиртип премьер, кийин президенттик ишин жыйыштырган Сооронбай Жээнбековдон кийин өлкө башчысы болуудан Канат Исаев баш тартып коюп, өлкө башчысы-өкмөт башчысы деген кош милдетти аткарып калган Садыр Жапаров буга чейинки билдирүүлөрүндө Райымбек Матраимовду камакка алуу-албоо маселесинде саясий чечимге барганын, аны үй камагына бошотууга өзү буйрук бергенин ачык эле айткан. Ал чечимин экономикалык кылмыштарда айыпкерди камоодон пайда жок экенин, андан көрө чыгымды өндүрүп алуу оң болорун жана Матраимов сумманы ноябрь аягына чейин төлөп бүтөт деп түшүндүргөн.

Ал эми «Райын-миллион» атыккан даӊазасы бар Райымбек Матраимов боюнча айтсак, ага байланыштуу «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Ал иликтөөлөрдө коррупциялык кыӊыр иштерге Райымбек Матраимовдун кыйла тиешеси болушу ыктымалдыгы айтылган. Бирок бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонду» үч медианы сотко берген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.