Темирлан СУЛТАНБЕКОВ: «Вице-мэр менен жолуктум, бирок, кызматка барган жокмун. Себеби…»

Темирлан СУЛТАНБЕКОВ: «Вице-мэр менен жолуктум, бирок, кызматка барган жокмун. Себеби…»

Социал-демократтар партиясынын 22 жаштагы мүчөсү Темирлан Султанбеков кызматка барбаганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

Мен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен жолугуп, шаардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкууладык. Ал ар кандай жардамды сурады. Биз адамдардын жыргалчылыгы үчүн колдон келген жардамды берүүгө даярбыз. Журналисттер: «Мэрияга жумушка орноштуңбу?»,- деп тактап, телефон чалып жатышат, жооп: жок. Буга чейин мындан дагы чоң кызматтар сунушталган, бирок, мен андан баш тарткам. Эми парламенттик шайлоого даярданып жатам. Бирок, элдин жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн баарына жардам берүүгө даярмын!

Белгилей кетсек, буга чейин айрым сайттар: «Темирлан Султанбеков мэрияга кызматта барды, Жамалбек Ырсалиевдин кеңешчиси болду» деп жазып чыгышкан.  

Эске сала кетсек, Темирлан Султанбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен катышкан. Ал шайлоого чейинки үгүт иштериндеги дебаттарда катышып, өзүн эски саясатчылардан бир кыйла салмактуу экенин көрсөтө алган.

Тилекке каршы, шайлоо таза өтпөй бийлик алмашкан. Темирлан Султанбеков 9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн митинг боюнча 10-октябрда Кой-Таштан кармалган. 12-октябрда Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камоо чечими чыгып, Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Эл жана айрым саясатчылар, ырчылар нааразы болуп жаш баланы чыгарууну талап кылган.

14-октябрда Бишкек шаардык соту үй камагына чыгарган. 15-октябрда андагы премьер-министр Садыр Жапаров менен жолуккан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.