Улукбек КОЧКОРОВ: «Азыркы Конституция өтүп кете турган болсо, кайра төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн»

Улукбек КОЧКОРОВ: «Азыркы Конституция өтүп кете турган болсо, кайра төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн»

Эмгек жана социалдык өнүктүрүүнүн мурдагы жетекчиси Улукбек Кочкоров учурда сунушталып, талкууланып жаткан Конституция тууралуу пикирин SUPER TV каналына берген маегинде билдирген.

Эл ушунчалык кыйналды. Ошондон улам, алар: «Хан келип, жашоону өзгөртө турган болсо болду, мейли» деп калышты. Элди жете турган жерине жеткирдик, Эл өзгөрүүнү талап кылып жатат. Бирок, эл курултай керекпи же Жогорку кеӊеш керекпи, айтор, билбей жатат. Алар «кредиттен кутулсак болду, чет жактагы балдарыбыз аман-эсен келсе болду» деп калышты. Ушундай эмоция менен чечим кабыл алышууда. Конституцияны шашпай талкуулап, туура чечим чыгарышыбыз керек. Биринчи кезекте сапаттуу парламентти түптөшүбүз керек. Анан ошол жерден жакшы Конституция жаралышы ыктымал. Эми азыркы Конституция жөнүндө айта турган болсом, эбегейсиз чоң укуктар — эбегейсиз чоң жоопкерчилик. Мындай укукту алгандан кийин эл мүдөөсү ишке ашпай кала турган болсо, мурдагыдай эл көпкө күтпөйт. Азыркы Конституция өтүп кете турган болсо, эл бир-эки жыл дагы күтпөйт, алты айда өзгөрүү болбосо, кайра төңкөрүш болуп кетиши ыктымал. Эл үмүтү акталбаса жаңы бийликтин өмүрү кыска болот!”, — деген У. Кочкоров.

Эске сала кетсек, Улукбек Кочкоров бийлик алмашкандан кийин да Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматында кала тургандай болуп турган. Бирок, президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров жаӊы Өкмөт курамы депутаттар алдында ант берерден бир күн мурун Улукбек Кочкоровду кызматтан алган Жарлыкка кол койгон. Президенттин басма сөз кызматы, Кочкоров кызматтан өз каалоосу арызын жазып  кетти деп билдиришкен. Бирок эки күндөн кийин эле Улукбек Кочкоров: «Акыркы эки күндө социалдык желелерде менин кызматтан кеткендигим жөнүндө ар кандай божомолдор айтылып келет. Ошондон улам маалымат берип коюуну туура көрдүм. Өз каалоом менен, өз арызым менен кызматтан кеткендигим тууралуу сиздер сыяктуу мен дагы интернеттен билдим. Бирок бул трагедия эмес. Мени өкүндүргөнү, ойлондурганы — Кыргызстандын бүгүнкү абалы. Тилекке каршы Кыргызстан бүгүн чоң коркунучта. Саясатта болобу, экономикада болобу, калктын жашоо деңгээлинде болобу, Кыргызстан чоң туңгуюкка келди десем болот», — деп элге тынчсызданган кайрылуусун  «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырган эле…

Тактай кетсек, Улукбек Кочкоров аталган кызматка 2018-жылы октябрда келген. Ага чейин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер болгон.  4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышып, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин кызмат ордуна кайтып келген эле…

 

 «Өз каалоосу менен кетти» делгенден кийин анын ордуна мурдагы вице-премьер Аида Исмаилованын талапкерлиги сунушталып, бирок жактырылган эмес. 25-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу  вице-премьер Артем Новиков Жогорку Кеңешке бул кызматка жаӊы талапкерди сунуштады. Ал — 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп жаткан Ализа Солтонбекова. Депутаттардан колдоо таап, Ализа айым министр болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин убактылуу аткаруучу парламент төрагасы Талант Мамытов кол койду…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.