ВИДЕО — АСАНОВ: «Массалык зөөкүрлүк Жапаровдун убагында болуп атат. Алардын башында аялы турат деп угуп жатабыз» 

ВИДЕО — АСАНОВ: «Массалык зөөкүрлүк Жапаровдун убагында болуп атат. Алардын башында аялы турат деп угуп жатабыз» 

Бүгүнкү 27-ноябрдан баштап ачкачылыкка отурган экс-депутат Бектур Асанов «Жалбырак ТВга» Садыр Жапаровдун тарапташтары тууралуу айтып агынан жарылыптыр. «Текебаевди соебуз, терисин сыйрыйбыз» дегендер табылганын айтыптыр. Аны төмөндөгу ВИДЕОдон көрүнүз:

Белгилей кетсек, Бектур Асанов ачкачылыкка отурарын кечээ жарыялаган. Анда ал: «Мага 2016-жылы козголгон иш боюнча соттук отурум 25-ноябрда Жогорку сотто кайра каралышы керек эле. Бирок «соттук коллегиянын курамы толук эмес» деген негиз менен отурумду 10-декабрга жылдырышты. Бул саясий буйруктун негизинде, мени президенттик шайлоого катыштырбоо максатында атайын жасалып жатат», — деген.

19-ноябрда БШК Бектур Асановду «соттолгон» деген негиз менен президенттик жарыштан четтеткен. Ал Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков сындуу бир катар ысымы белгилүү адамдар менен кошо «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен камалып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Былтыр Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык карап, аларды 2019-жылдын 12-февралында эркиндикке чыгарган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.