ВИДЕО — Улан Саляновду өлтүргөндөр соттолду. Мындай өкүмгө Салянова макул эмес. Себеби…

ВИДЕО — Улан Саляновду өлтүргөндөр соттолду. Мындай өкүмгө Салянова макул эмес. Себеби…

Бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда  мурдагы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму уланып, өкүм чыкты. Айыпталуу Эрмек Осмонкулов 18 жыл эки айга, Асанэмир Абыкулов 15 жылга эркинен ажыратылды.

Соттун мындай чечимине Аида Жеӊишбековна макул эмес. Анын себебин мындайча түшүндүрүп берди:

Соттун өкүмү менен мен макул эмесмин. Себеби, сот айыпталуучуларды өмүр бою эркинен ажыратса, алар буйрук бергендердин атын атайт го деп ойлогом. Тилекке каршы, негизги, башкы буйрук берген киши эркиндикте калды. Мен сиздерге бир нерсени айтып берейин, 2017-жылы мени каралоо иштери башталган. Андагы бийлик ар кандай нерсени колдонушту: Башкы прокуратуранын имаратынын салынышы тууралуу каражатты ойлоп табышты, кайдагы бир «гектар жерлерди ээлеп алган» деп да чыгышты. «Бир чарчы метр жерим жок болсо, кайсы гектарды айтып жатышат?» деп мен таӊгалып жүрдүм. Ушул жер боюнча бийлик бир кишини колдонуп, анын оозу менен мени аябай каралап жатты. Ошол каралоодон бир ай өткөндөн кийин, ноябрда бир тууган инимди өлтүрүштү. Болгондо да ошол мени каралаган бала өлтүрүп жатат. Экинчиси дагы чоӊ кызматтагылардан заказ түшкөнүн ачык эле айткан. Ушуларга заказ берген, алардын башында турган башкы уюштуруучу, негизги адам камалбай да, кармалбай да жатпайбы! Атүгүл ага издөө да жарыяланбаптыр. Ошол кездеги бийлик башындагы Атамбаевге ушундай бир катуу сөз айтат элем. Учурда өзүнүн башына мүшкүл иш түшүп турганы үчүн унчуга албай жатам, балким, менден башка бирөө болсо айтмактыр. Сот жок дегенде агездеги УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди суракка чакырып, сурап койсо жакшы болмок. Түз эфирге чыгып, көп эле нерсе айтмакмын, Сот тездетип чечим чыгарганына байланыштуу түз эфир үзгүлтүккө учурады. Акыры сот ушундай биз макул болбогон өкүм чыгарды. Алдыда Кудайдын соту бар, андан эч ким кутулган эмес. Бүгүн болбосо да, акыры Кудайдан жазасын алат!

Буга чейин…

Аида Салянова сот отурумунун алдында «Фейсбуктагы» баракчасына мындай билдирүү калтырган: «Урматтуу мекендештер, инимдин өлүмү боюнча эки жыл узарган сот бүгүн аяктаганы турат. Биринчи май районунун соту М. Сыдыков өкүм чыгарганы кетти. Сот жүрүшүндө чындык табууга аракет болдубу, инимдин өлтүрүүсүндө саясий мотив бар деп айтууга кандай себептер бар деген темада түз эфир бүгүн саат 15.30 өткөрөм. Толук маалымат алып түз эфирге катышып бериңиздер!».

Каргашалуу күн…

Эске сала кетсек, маркум Улан Салянов мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү, болжол менен саат 02:30да “Көк-Жар” конушунун Достоевский көчөсүндө жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткап кийген белгисиз адамдар куралчан кирип кол салып, атып кетишкен. Канкорлор колунан оор жаракат алган Улан ооруканага жеткирилип, көз жумган. Бул кандуу окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп, сот созулуп келген.

2017-жылы ноябрда 1986-жылы туулган Эрмек Осмонкулов бул кылмышка шектүү делип кармалган. Ал мурда дагы бейбаштык, тоноочулук, уурулук боюнча соттолгон экен. 2019-жылдын май айынын аягында Москвадан Токмоктун тургуну, 1983-жылы туулган Асанэмир Абыкулов кармалган, ал мурда эле оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөөдө болгон.

Карыбек САЛЯНОВ: «»Балам, кач!» деп Улан баласын куткарып калган»

Улан Саляновдун агасы Карыбек Салянов ошол күнкү каргашалуу окуяны “Азаттыкка” айтып берген.

Анын айтымында, ал келген учурда иниси ооруканага алынып кетип, келини ыйлап отурган. Беткап кийген белгисиз эки адам куралчан кирип, бирөөсү Улан Саляновдун 17 жаштагы кичүү баласынын башына пистолет такаган. Атасы баласын куткаруу үчүн аны баса жыгылып, “Балам, кач!” дегенде, ал терезеден секирип качкан…

Калганын ВИДЕОдон көрө аласыздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.