Сания ТОКТОГАЗИЕВА: «Мен бүгүн тынчтык маршына барам, сиздер да келиңиздер!»

Сания ТОКТОГАЗИЕВА: «Мен бүгүн тынчтык маршына барам, сиздер да келиңиздер!»

Бүгүн, 29-ноябрда, Бишкекте “Референдумга жол жок” аттуу тынчтык маршы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири билдирди. Алардын айтымында, тынчтык маршы саат 12:00дө Темир жол бекетинин жанында башталат.

Конституциялык укук боюнча адис, юрист Сания Токтогазиева «Фейсбуктагы» баракчасына бул тынчтык маршын колдоорун, ага барып катышаарын  жана: «Азыркы конституциялык кеңешме бул имитация, көз боемочулук! Алдын ала коюлган максат менен жана аты заты, ээси жок ташталма даяр конституциянын тексти менен эч качан конституциялык кеңешмелер иштебейт. Бул кеңешме толугу менен мыйзамсыз жана легитимсиз.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, 2020-жылдын 2-декабрында сиздерди “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын конституцияга каршы келген деп таанып, келечек үчүн өтө маанилүү чечим кабыл алат деп ишенебиз«, — деп жазды.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда, Конституциянын жаӊы долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан спикер Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койгон.

Конституциялык Кеңешмеге 89 адам (35и илимпоз) мүчө болуп кирип, анын төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев шайланган. Ошондон бери Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулашууда.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Айрым саясатчы жана укук коргоочулардын айтымында, бул долбоор кабыл алынса, анда Кыргызстанда авторитардык бийлик орнойт.Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирген.

Жаны долбоорго кол койгон 80 депутаттын ТИЗМЕсин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.