Камчыбек ТАШИЕВ: «Диагнозумду билем, үлгүрүш керек!»

Камчыбек ТАШИЕВ: «Диагнозумду билем, үлгүрүш керек!»
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кайсы ооруканада жатканын, кандай диагноз коюлганын сыр кылып, «Фейсбуктагы» баракчасына табышмактуу билдирүү калтырды.
Урматтуу Кыргыз калкым!
Эч кимге айтпай 3 күн ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар, миңдеген адам дуба кылып, каалоолорун айтышты. Мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым. Баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдиремин, ырахмат айтамын.
Эми өзүмдүн диагнозумду билемин. Менин өмүрүм — Кыргыз элимдики. Эми мындан да катуураак иштеймин, үлгүрүш керек!
Белгилей кетсек, 26-ноябрда, УКМКнын басма сөз кызматы Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатканын, абалы канааттандыраарлык экенин билдирген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Камчыбек ТАШИЕВ: «Диагнозумду билем, үлгүрүш керек!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.