ФИНПОЛ: «Сарпашев 500 гектар жайыт, 30 гектар сугат жерин мамлекетке кайтарып бере турган болду»

ФИНПОЛ: «Сарпашев 500 гектар жайыт, 30 гектар сугат жерин мамлекетке кайтарып бере турган болду»

Мурдагы вице-премьер-министр, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берет. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда, билдирди.

Алардын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө  Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан, мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирген.

Белгилей кетсек, 12-ноябрда, Т.Сарпашевдин үйү тинтүүгө алынганы маалымдалган. Ага карата «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын Финпол 27-ноябрда кабарлаган эле. Айтымында, Тайырбек Дүйшекеевич мамлекеттик кызматта турганда көп сандаган кыймылдуу да, кыймылсыз да мүлктү сатып алган, кийин аларды декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаткан.

Кызмат жагын айтсак, Сарпашев өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр; 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр; 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон.

Тайырбек САРПАШЕВ: «Менин Токтогулда гана жерим бар, шаарда жерим жок»

Эске сала кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Максим Бакиевдин Скрябин 45 көчөсүндөгү жер тилкеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал боюнча комиссия түзүлүп, Тайырбек Дүйшекеевич Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан убактылуу өз каалоосу менен кеткен болчу. Ошол учурда ага бир топ суроолор менен кайрылып маек курган элек. Андагы маекти бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.