1-класстын окуучуларына милициялар сабак өтүштү. Эмнеге?

1-класстын окуучуларына милициялар сабак өтүштү. Эмнеге?

Бүгүн, 2-декабрда, Сокулук районунун мектептеринде милиция кызматкерлери 1-класстын окуучуларына сабак өтүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, алар сабак өтүү учурунда окуучуларга жол эрежесин так сактоого чакырып, жол эрежелерине тиешелүү жол белгилерин көрсөтүшкөн.

«Мындай иш-чаранын максаты — жолдо жүрүүнүн эрежелерин окуучуларга үйрөтүү, жол кырсыктарын болтурбоо жана ар кандай жол кырсыктарынын алдын алуу. Бул биринчи жолу өткөн жок, буга чейин да болгон. Бул иш уланат, токтобойт!» жазылат маалыматта.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.