Кытайдын космостук аппараты Айга барып конду. Ал жерден эмне чогултту?

Кытайдын космостук аппараты Айга барып конду. Ал жерден эмне чогултту?
Ай бетиндеги кытай аппараты. 2019-жыл (архив)

Кытайдын космостук аппараты Айга конгону тууралуу “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” жазып чыкты.

Алардын айтымында, кечээ, 1-декабрда Кытайдын «Чанъэ-5» аттуу зонду (космостук аппарат) Айга конуп, анда эки күн болуп, Ай кыртышын чогулткан.

Миссия ийгиликтүү аяктаса, Кытай акыркы 44 жылдан бери Айдан геологиялык үлгүнү ташыган долбоорду ишке ашырган алгачкы мамлекет болуп калат. Мындай миссияны 1960-жылдардын аягында жана 1970-жылдардын башында АКШ менен СССР да ишке ашырган. Ошондон бери көптөгөн өлкөлөрдүн планетологдору Айдан жаңы үлгүлөрдү күтүп келишет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.