Ажолукка аттангандан баш тарткан ажы Турсунбай Бакир уулу Садыр Жапаровду намаз окуганы үчүн колдоп жатабы? 

Ажолукка аттангандан баш тарткан ажы Турсунбай Бакир уулу Садыр Жапаровду намаз окуганы үчүн колдоп жатабы? 

Президентикке талапкер болуп катталып, кайра баш тартып койгон ажы Турсунбай Бакир уулу Садыр Жапаровго жолукканын айтып, аны эмне үчүн аны колдогону тууралуу «Регион» телеканалына билдирди.

«Жети жолу президенттик шайлоо болду, баарына катышкам. Биринчи жолу президенттик шайлоодо программам дал келип жатат. Эл деле айтып жатат, «экөөӊөрдүкү окшош экен» деп. Анан кечээ Садыр Жапаров иним чакырып, «Ажы аба, бир программа менен чыгалы, мен аткарайын» деп калды. Аны депутат кезинен бери жакшы билем. 5 маал намаз окуйт. Бул бир. Экинчиден, элдин баары Садыр Жапаров деп турат, муну баарыбыз көрүп турабыз. Мен анализдеп көрсөм, Садыр Жапаровдой эрктүү саясатчы жок да, ал атасын, апасын, баласын жоготту, ал эрктүүлүгүн көрсөтүп, бийликке жалынбай, аягына чейин эл чыгарганга чейин отурду. Ушул жагынан да мен ага таң бердим. Демек, айткан сөзүнө турат экен деп. Үчүнчүдөн, элге айткан убадаларын ишке ашырам дегенине ишенип отурам. Анализдеп көрүп, Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, макулдаштык. Анан сенин пайдаӊ үчүн талапкерлигимди алып коеюн деп, батамды берип чыктым” – деген Турсунбай Бакир уулу.

Турсунбай Бакир уулунун архивдеги маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

65 талапкерден 20 талапкер калды…

Ошентип президенттикке талапкер болгон 65 кишиден 20 адам калды. Буга чейин БШК «Мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаттары жок жана соттуулугу бар» деп 12сине документтерин кайтарып берсе, калганы ар кандай себептер менен арызын артка алган. Кечээ, 3-декабрда 11 киши арызын артка кайтарып алды. Алар: Базарбай Темишов, Акжолтой Тукунов, Арсланбек Малиев, Турсунбай Бакир уулу, Жамбылбек Камчиев, Адилет Маматов, Азамат Эсенбеков, Бактыбек Жумагулов, Абдыкаар Сыдыков, Санжарбек Энназаров, Кубанычбек Исабеков. Буга чейин арызын Садык Шер-Нияз, Сазыкбай Турдумалиев, Турсунбек Жумабеков кайтарып алган. Алар себептерин түшүндүрүүгө аракет кылышты, бирок, алардын тарапташтары «ортодон ойт берип кетти» деп нааразы бойдон калышты.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт, үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга чейин жүргүзүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.