Эртең күү угуп кетиңиздер! Кенжебек Алдаярдын күүлөрүн Феликс Кулов эргүү менен уккан. А сизчи?

Эртең күү угуп кетиңиздер! Кенжебек Алдаярдын күүлөрүн Феликс Кулов эргүү менен уккан. А сизчи?

Күүнүн “атасы”, белгилүү комузчу Кенжебек Алдаяр эртең, 5-декабрда, «Кыргыз Ата, Кыргыз Эненин келиши» аттуу сүкүт күү кечесин өткөрөт.

Кенжебек Алдаяр «Фейсбуктагы баракчасына: «1985-86- жылдары таңга маал, ушу күү кулагыма жаңырып, угулуп чыккан. Алгачкысы «Асаба» деп аталган. Кийин кырк уруу экенин түшүндүм. Ошо менен «Кыргыз Ата» күү топтомунан орун алды«, — деп жазып, күүсүн жайгаштырды. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден угуңуз!

«Ар-намыс» партиясынын лидери, экс-премьер-министр, экс-депутат Феликс Кулов Кенжебек Алдаяр агабыздын күүсүн эргип угуп жаткандан кийин, сиз кантип эле укпайсыз. Алтындай болгон убактыңызды бөлүп, келип, күү угуп кетиңиздер!

Жок дегенде бөлүшүп коюңуздар, күү сүйүүчүлөргө тегиз жетсин. Жардамыңыздар ушул болсун!

Дарек: Рерихтин үй музейинде (Юнусалиев көчөсү, 41), саат 11де башталат.

Кенжебек Алдаяр агабыздын архивдеги маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.