Кыргызстан БУУнун баңгизаттарга каршы конвенцияларынын түп нускасын карманат

Кыргызстан БУУнун баңгизаттарга каршы конвенцияларынын түп нускасын карманат

Кыргызстан БУУнун баңгизаттарга каршы конвенцияларынын түп нускасын карманат. Бул тууралуу  ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.

Алардын айтымында, мурдагы күнү (2-декабрда) Венадагы эл аралык борборунда (Вена, Австрия) Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп эсептелген Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 63-жаңыланган сессиясы болуп өткөн. Анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун дары-дармек көз карандылыгы боюнча эксперттер каннабис жана аларга байланыштуу заттарды көзөмөлдөө режимине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү боюнча алты сунуштама киргизген. Ал добуш берүү жолу менен өтүп, сунуштаманын бешөөсү жокко чыгарылган.

Каннабис жана ага байланыштуу заттар көптөгөн жылдар бою, 1972-жылдагы Протокол менен киргизилген оңдоолор менен 1961-жылдагы Баңгизаттар тууралуу Бирдиктүү конвенциянын тизмесине киргизилген. Конкреттүү тизмеге киргизилгендер көзөмөлдөөнүн чегин аныктап, ага мүчө мамлекеттер тийиштүү заттарга колдонуу керек. 2019-жылдын январында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каннабис жана ага байланыштуу заттарды көзөмөлдөө чараларын өзгөртүү боюнча бир нече сунуштамаларды тартуулаган. Тереңдетилип изилденип чыккандан кийин Баңгизаттар боюнча комиссия ДСУнун эксперттеринин “каннабис жана каннабистин чайыры” 5.1-сунуштамасын 27 «макул», 25 «каршы» 1 «кармануу» добуштары менен кабыл алган. Ошентип, «каннабис жана каннабистин чайыры» 1961-жылдагы Баңгизаттар тууралуу бирдиктүү конвенциянын IV Тизмесинен, ушул аталыштагы Конвенциянын I Тизмесине киргизилип, каннабисти көзөмөлдөө жокко чыгарылган эмес.
63-жаңыланган сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы Комиссиянын каннабисти жана анын чайырын (гашиш) 1961-жылдагы Баңгизаттар тууралуу бирдиктүү конвенциянын IV Тизмесинен алып салуу тууралуу кабыл алган чечимин өкүнүч менен айтты.
Комиссияга мүчө болуучу 25 мамлекеттин арасынан Кыргыз Республикасы бул чечимге каршы добушун берген. Анткени каннабиске жана анын азыктарына көзөмөлдөө чараларын начарлатууга багытталган бардык аракеттер, он миң гектардан ашуун аймагында каннабис өскөн Кыргыз Республикасындагы
баңгилик кырдаалга терс таасирлерин тийгизет.
Комиссия кабыл алган чечимдин терс кесепеттерин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасы 1961-жылдагы Баңгизаттар тууралуу бирдиктүү конвенциянын 39-беренесин жетекчиликке алууга ниеттенүүдө. Анткени ал бул келишимге караганда көзөмөлдөөнүн катуу чараларын көрүүгө укук берет. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Баңгизаттар боюнча комиссиясынын бардык мүчөлөрү, анын ичинен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин кээ бир сунуштамаларын колдоп чыккан мамлекеттер, БУУнун баңгизаттарга каршы негиздөөчү конвенциясын жетекчилкке алуу менен, каннабисти рекреациялык максатта мыйзамдаштырууга каршы экендигин белгилешти.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.