Тарыхый таза инсан Исхак Раззаков тууралуу дилбаяндын жеӊүүчүсү ким?..

Тарыхый таза инсан Исхак Раззаков тууралуу дилбаяндын жеӊүүчүсү ким?..
Сүрөттө:  2-орунду ээлеген Оггарова Севинч Хуйрулло кызы менен элчи Ибрагим Жунусов

Кечээ, 3-декабрда, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде мамлекеттик жана саясий ишмер, тарыхый инсан Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата өткөрүлгөн дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу элчиликтин Басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда, билдирди.

Алардын айтымында, сынак Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгынын алкагында уюштурулган. Мамлекеттик ишмердин өрнөк өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган дилбаяндар 17-октябрынан 17-ноябрына чейин кабыл алынган.

Сынак жыйынтыкталып, жеӊүүчүлөрү аныкталып, 1-орунга Шахзод Мавлонов, 2-орунга окуучу Оггарова Севинч Хуйрулло кызы, 3-орунга Рашидов Синдор Суяр угли ээ болгон. Аларга сыйлыкты Өзбекстандагы Кыргызстандын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов тапшырган. Элчи алгач сынакка катышкан катышуучуларга ыраазычылык билдирип, андан соӊ И.Раззаковдун Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын, Өзбекстанга согушка чейинки жана согуш жылдарындагы жигердүү эмгегин баса белгилеп, жеӊүүчүлөргө дипломдорду, сыйлыктарды тапшырган.

Эсен болуп, эстей жүр!

Ата-энесинен жаш калып, мамлекетке зор салым кошуп кеткен Исхак Раззаков 

«Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот!» деп таамай айткан тарыхый инсан Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында шахтёрдун (ата-энеси Сүлүктүдөгү көмүр кенде иштеген) үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасынан (Жамийла Сейит кызы) 3 жашында, атасынан (Раззак Берк уулу) 8 жашында ажырап, томолой жетим калып, Хожент шаарындагы Ленинабад балдар үйүндө тарбияланып, Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алган.1925-1929-жылдары Ташкенттеги өзбек агартуу институтунда окуган. 1931-1936-жылдары Москвада билимин уланткан. 1936-1941-жылдары Өзбекстанда жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1945-жылы Кыргызстанга Кыргыз ССР элдик комиссарлыгын жетектөө үчүн жиберилип, 1950-1961-жылдары Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп эмгектенген.

16 жыл жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп, өлкөнүн экономикасына жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкону үчүн эки жолу «Ленин» сыйлыгы жана «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган. Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана башка көптөгөн медалдарды алган. Өмүрүнүн акырында астма менен ооруп, 69 жашында көз жумуп, сөөгү Москадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Сөөгү 2000-жылы Кыргызстанга алынып келинип, Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө сый-урмат менен көмүлгөн. 2016-жылы «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамы ыйгарылган.

Маркумдун жубайы — Рауза Ибрагимова. Аны менен студент кезинде таанышып, баш кошуп, үч (Элмира, Эркин, Эмил аттуу) балалуу болушкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.