Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов реанимацияда, диагнозу айтылды…

Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов реанимацияда, диагнозу айтылды…

Мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов реанимацияда. Бул тууралуу бүгүн АКИпресс жазып чыкты. Алардын билдирүүсүнө караганда, экс-премьер-министр 3-декабрда ооруканага жаткырылып, ага коронавирус диагнозу коюлган. Учурда реанимацияда, абалы оор.

Эске сала кетсек, Кубатбек Боронов 2020-жылдын 16-июнунан 6-октябрына чейин премьер-министр болгон. Ал бийлик алмашкандан кийин кызматтан кеткен. Тагырагы, 9-октябрда, премьер-министрди жана башка өкмөт мүчөлөрүн андагы президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыгы менен отставкага кетирген.

Кубатбек Боронов премьер болуп турганда, коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабды жетектеген.

ШТАБ: «Бир суткада 401 адамдан коронавирус илдети аныкталды»

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 5-декабрга карата маалыматы боюнча, бир суткада 401 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 5 киши каза болгон.

Кайсы облуста көп катталууда?

  • Чүй облусу – 133;
  • Бишкек шаары — 99;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу — 26;
  • Ош облусу — 22;
  • Ош шаары — 20;
  • Талас облусу — 15;
  • Нарын облусу — 2.

Эске сала кетсек, коронавирус Кыргызстанда жазында башталган. COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 18-мартта аныкталган. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын билдиргенине караганда, андан бери коронавирус 74 774 кишиге жугуп, алардын 1290у каза болуп, 66 538и айыккан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.