ИИМ: «Төрт жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды»

ИИМ: «Төрт жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды»

4 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 7-декабрда, билдирди.

Алардын айтымында, 4-декабрда ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн 41 жаштагы М.В. аттуу Россиянын жаранын кармашкан.  Ал «Баңгизаттарды сатуу жана сактоо» айыбынын негизинде кармалып, Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилген. Учурда аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселе каралууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.