ТЕКЕБАЕВ: «Жапаров агезде Максимден корксун, качып кеткенден кийин да жашырып айтпай келатат. Эмнеге жашырат?!»

ТЕКЕБАЕВ: «Жапаров агезде Максимден корксун, качып кеткенден кийин да жашырып айтпай келатат. Эмнеге жашырат?!»
“Коркпойм. Качпайм. Ырайым сурабайм!” аталышта журналист Динар Турдугулова «Ата Мекен» партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин интервью алып, «Фейсбуктагы» баракчасына бүгүн, 7-декабрда, жайгаштырды. Анда депутат өз чындыгын далилдүү айтып бериптир. Эми укмуш…
Өмүрбек Чиркешович, Садыр Жапаров жакында “7-каналда” берген интервьюсунда сиз менен 4 жолу жолуктум, үйүнө чейин барып жакшы сүйлөштүк, ал мени колдойм, макул деп коюп эле эртеси микрофонду көргөндө айнып кетип, тескери сүйлөй берген киши экен деп айтты, өзүнүн Фейсбук баракчасына да жазды. Канча жолу жолуктуңар, эмне жөнүндө сүйлөштүңөр?
— Садыр Жапаров менен 5 жолу жолуктук. Бешөөндө тең жалгыз жолуккан жокпуз, жаныбызда адамдар болду. Бир күнү түн жарымда үйгө келип кетишкени да чын. Анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев экөө мени сыйлаганын, кеп-кеңешим алар үчүн маанилүү экенин айтып, колдон келсе демилгелерибизди колдоп туруңуз деп өтүнүштү. Мен айттым, “Биринчиден, мени сыйлап, пикиримди угуп, кеп-кеңешимди сурап койгонуңарга ыраазымын. Башыбыздан көп нерселер өттү, баарыбыз түрмөнү да көрүп чыктык, үй-бүлөлөрүбүз дагы бирдей кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүштү. Биз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Аксакал деп алдымдан өткөнүңөргө кубанып, бул урматыңарды кантип кайтарсам экен деп жетине албай турам. Силерди колдоп келатам. Бирок, мен бир учурда силерди колдой албайм. Эгерде, бийликке кызыгып, жеке бийлигиңерди бекемдейм десеңер, авторитардык жетекчилердин системасын алып келебиз десеңер, башкача айтканда, Конституцияга ошондой өзгөртүүлөрдү киргизебиз десеңер, мен ачык каршы чыгам”,- деп ар бир жолугушууда эки жолудан кайталап айттым. Ошондуктан, менин Садыр Жапаровдун демилгеси менен чыгып жаткан Конституцияны сындагандыгым, бул өз сөзүмдөн айнып кеткендигим эмес, тескерисинче өз сөзүмдө бекем тургандыгым. Мен деле аксакал болуп, жөн эле жашайын деген оюм бар эле. Үй-бүлөм да колдойт. Бирок, мени “аксакал болуп бер” деп иш жүзүндө “дежур чалга” айландыргылары бар. Мен эч убакта “дежур чалга” айланбайм. Мен демократиянын – эл бийлигинин солдатымын. Өмүр бою солдат болуп, өз постумду таштабайм.
Садыр Жапаров “Текебаев “Мегаком” боюнча Маевскийден 1 млн доллар алганы анык, аны элитанын баары билет, менде күбөлөр бар, керек болсо өзүм далилдейм” деп айтты. 3 жылдан бери сот жүрүшүнөн кабардар болгондордун баары Маевскийдин айтканы, тергөөнүн айтканы жалган экенин жакшы билишет. Бирок, Садыр Жапаровдун бул кескин пикири сиздин сот ишиңизге таасирин тийгизбейби?
— Мен орусча 4 сөз менен Садыр Жапаровдун сөзүнө мүнөздөмө берет элем: ЛОЖ, КЛЕВЕТА, БЕЗОТВЕТСТВЕННО и НЕДОПУСТИМО. Бул ушакка негизделген жалган жалаа. Мындай айтуу жоопкерсиздик. Анткени, Садыр Жапаров бүгүн жөнөкөй киши эмес. Анын сөзүн кунт коюп угуп, көпчүлүгү ага ишенип турат. Эл соттун чечимине ишенбеши мүмкүн. Бирок, бүгүн Садырдын сөзүнө ишенгендер көп. Мен бул жерде “бүгүн” деген сөздү баса белгилегим келет. Анткени, эгер, ушундай жалгандарды айта берсе, эртең ишенгендердин саны азаят. Недопустимо дегеним, Садыр Жапаров “шайлоого катышам” деп ыйгарым укугун токтоткону менен, ал бүгүн премьер-министр. Анын досу парламентти башкарып, мамлекеттин жетекчиси. Дагы башка достору УКМКнын, Генпрокуратуранын, ИИМдин жетекчилери. Бул компаниянын таасири өлкөдө эң жогору. Садыр Жапаров айтпадыбы, “бүгүн деле соттор президентти карап турат экен” деп. Мына ушундай шартта соттордун баары Садыр Жапаровдун айтканын приказ катары кабыл алышы мүмкүн. Өзүнүн статусун, таасирин билип туруп, ушинтип айтканы туура эмес.
Садыр Жапаров — премьер-министр. Ал Конституцияны кармап, “Конституцияны жана адамдардын эркиндигин коргойм” деп ант берди. Бирок, тилекке каршы, президенттикке талапкерлигин койгондорду өзүнүн жеке душмандарындай кабыл алып жатат. Ал колдоп жаткан Конституцияны долбооруна макул болбой, башкача баа берген адамдарды “жүзү каралар”, “эл бузарлар” деп жатат. Бул коомдо агрессияны пайда кылып, коомду бөлүп-жарат. Коомду элдешкис кылып эки топко бөлүп, ынтымакты кетирет. Бул безответственно и недопустимо. Башка бирөө ушундай ушактардын топтомун айтса, мен көңүл бурбай, жооп бербей деле коймокмун. Бирок, мен жогоруда айткан пикиримден улам, Садыр Жапаров бир эмес, эки жолу мага жалаа жаап, тийишкенден улам мен ага жооп берүүм зарыл деп чечтим. Мен бул жоопту Садыр Жапаровду жамандаш үчүн, анын авторитетин түшүрүш үчүн айтып жаткан жокмун. Мен биринчи кезекте эл муну чындыкты коргоо, өзүмдү коргоо катары кабыл алышын каалаар элем.
— “Садыр Жапаровдун таасири күчтүү, аны соттор угат” деп айттыңыз. Жапаровго жооп бербей эле койсоңуз болбойт беле. Жооп берем деп кайра камалып кеткенден коркпойсузбу?
— Коркпойм. Качпайм. Ырайым сурабайм. Эгер, сот бизди дагы айыптаган өкүм чыгарса, ал бизге эмес Садыр Жапаровго чыгарылган өкүм болот. Анткени, чындык биз тарапта.
Кылмыш ишиндеги документтер, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү Л.Маевский “БТБ-24 банкынан алдым” деген акчалардын алынбагандыгы, алынган бөлүгү Москвадан чыкпагандыгы толугу менен далилденген. Маевский мени менен “Супарада” жолугуп, акча жөнүндө сүйлөштүм деген убакта Чотонов генералдар жана башка ага офицерлер менен вертолетто Ошко учуп кеткендиги, Ошто контрреволюциячылдар Сооронбай Жээнбековду кууп чыгып, бийликти басып алгандан кийин ал жерге Убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү үчүн баргандыгын, эртеси 14-майда Сооронбай Жээнбековду Исмаил Исаков экөө кайра губернатор кылып койгондугун көргөн губертонаторлор, генералдар, партиянын жетекчилери, жергилуктүү кеңештин депутаттары, фото материалдар толтура. Ошол убакта мен “Ак кеме” (“Пинара”) мейманканасында Конституциялык кеңешменин жыйынын алып баргандыгым жөнүндө видео, аудио материалдар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, ММКларга чыккан публикациялар бар. Так ошол убакта Модин “Супарада” эмес, шаардын борборунда жүргөндүгүн “Нур-телеком”компаниясы берген телефонунун табуляграммасынан көрүнүп турат. Ал шаардын борборунан эч жакка чыккан эмес экен. Андан мурунку Маевский менен Модин “Текебаев менен жолуктук” деген кабинет Атамбаевдин кабинети болуп чыккандыгы баарына белгилүү болду. Ошентип, мага каршы кылмыш ишинде 50дөн ашык документ, 60тан ашык күбөлөр бул айтылган кылмыш болбогондугун далилдеп турушат. Эң негизгиси, мени жана Чотоновду 8 жылдан эркибизден ажыратып соттошту, бирок, тергөө да, сот да “Текебаев менен Чотонов мамлекетке да, кыргыз элине да, башка адамдарга да, ошонун ичинде Маевскийге да 1 тыйын зыян келтирген эмес” деп тапты. Бирок, Садыр Жапаров “Мегакомдун” акцияларын Текебаевдин тобу сатмак болгон, аны саткандан кийин дагы пара алмак болгон” деп күнөө койгондон улам мен “Мегакомдун” айланасындагы окуялар боюнча кыскача айтып бергим келди.
1. 2003-жылы 23-декабрда “БиМоКом LTD” ЖЧКсынын 30% үлүшү Айдар Акаевдин адамы А.Саркишевага берилет. 2005-жылы 24-мартта элдик революция болуп, Акаев бийликтен кетет. Ошол жылдын (2005) 23-майында “БиМоКомдун” мурунку кожоюндары оффшордук “Penwell Business limited” компаниясына 100% (70% жана 30%) акцияларын 700 жана 300 сомго сатуу жөнүндө келишимге кол коет. Ошентип, оффшордук “Пенвел” компаниясы “БиМоКомдун” 100% ээси болуп калат. Муну Максимдер билип калып, 2005-жылдын 18-июлунда “БиМоКом LTD” компаниясынын лицензиясын токтотот. Ошондо “Пенвел” компаниясы Максимге “БиМоКомдун” 49% үлүшүн берип, кайра лицензияны алат. Бирок, Максим арааны ачылып, аны менен тим калбастан, рейдерлик жол менен бир канча схемаларды жасап, 2009-жылы “БиМоКомдун” 100%ын тартып алат. Рейдерлик менен басып алып жатканда Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова жетекчилик кылган “Ысык-Көл» инвестициялык банкы негизги ролду ойнойт. “БиМоКом” менен аталган банк 2009-жылдын 3-июнунда 80 млн. доллар карыз алуу боюнча келишимге кол коет. 3-4-июнда акча “БиМоКомдун” эсебине которулат. 80 млн. доллар акчаны белгисиз бирөө Абылов Алмаз Темирбековичтин атына жазылган жалган паспорт менен “Ысык-Көл” инвестбанкынан нак акча менен алып кетет. 80 млн. доолар, 100 долларлык купюро менен эсептегенде 1 тонна акча болот экен. Андай акча “Ысык-Көл” инвестбанкына окшогон банкта сакталбайт. Аны заказ берип алдыртыш керек. Анча акча нак алынып атканда, УКМК карайт, Финпол карайт. Эң негизгиси, коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаров билет. Бул накта коррупциялык, рейдерлик операция болгон. Анан дароо эле “Ысык-Көл» инвестбанкы Бишкек райондор аралык сотко “БиМоКом” менен болгон инвестициялык келишимди жокко чыгаруу жана 80 млн. доллар акчаны кайтаруу талабы менен кайрылат. 2009-жылдын 15-июнунда дароо эле Бишкек райондор аралык соту банктын талабын канааттандырат. Ал эми бир жумадан кийин, 22-июнда Бишкек шаардык соту райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырат.
Кыскасы, “БиМоКом” акчаны кайтара албай калып, банкрот деп жарыяланып, ошол эле жылдын 7-июлундагы соттун чечиминин негизинде мүлкү сатыкка коюлат. Аны Максимдин адамдары сатып алып, 2009-жылдын август айынан баштап, “Альвфа Телеком” ЖАК уюлдук байланыш оператору катары “Мегаком” соода маркасы менен иштей баштайт.
Ошентип, Максим Бакиев соттун жана башка бийликтегилердин жардамы менен баасы 300 млн. доллардан кем эмес турган компанияны өзүнө тартып алат. Аны коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаров билбей коюшу мүмкүн эмес эле. Анткени, анын бир тууган эжеси жетектеген банк 80 млн. доллар бөлүп берип, “БиМоКомду” сот аркылуу банкрот кылууда негизги ролду ойногон.
Эми ушунча 100дөгөн млн. долларлык мүлктү алууга көмөк көргөзгөн адам мындай ишти бекер кылат, өзүнүн үлүшүн албайт дегенге бирөө ишенеби? Ошол 80 млн. долларды кимдер, канчадан бөлүп алганы жөнүндө азырга чейин айтылып жүрөт.
2010-жылы 7-апрелде элдик революция болуп, Бакиевдер Кыргызстандан качат. Максим Айдардын үлүшүн тартып алгандай, жаңы бийликте аны тартып алуу ниети эч кимде болгон жок. Алар дароо эле 49%ды улутташтырышты. Калган 51%ын “Пенвел” соттошуп, 3 инстанциядан тең утуп алат. Ошондо парламент, анын ичинде “Ата Мекен” фракциясы 51% дагы мамлекетке кайтыш керек деп Өкмөткө, прокуратурага талапты катуу коет.
Ошол кездеги Генпрокурор Аида Салянова сот аркылуу А.Елисеевди соттоп, анын мүлкүн конфискациялап, “Мегакомдун” 51%ын мамлекетке кайтарып берет. Ошентип, мамлекет 100%га ээлик кылып калат. Ошол кезде “Мегакомдун” баасы 300 млн. доллардан кем эмес эле.
Мына, Максим менен, Айдар менен, алардын жанында жүргөн адамдарынан жаңы келген бийликтин айырмасы. Көбү “революция эмне алып келди?”, “Текебаев, Салянова эмне кылды?” деп сурашат. Уурдалган 300 млн. долларлык мүлктү мамлекетке алып келди. 2010-жылдан баштап мамлекет жылына 500 млн. сомдон кем эмес дивиденд алып турат. 10 жылда 5-7 млрд. сомдон кем эмес алып келди.
Мына, Садыр Жапаров бизди “Мегакомду” сатып пара алмак”деген сөзүнүн жалган экенин тарых өзү далилдеп турат.
“Альфа Телекомду” (“Мегакомду”) сатууга аракет кылгандар бар. Ал — Алмазбек Атамбаев. Ал “Мегакомду” сатам деп 4-5 жолу аукционго койду. Эч ким сатып алган жок. Маевский сатып алгысы келсе, Атамбаев менен жалпы досу болгон, сүйлөшүп, сатып алат эле го…
Ушунча болду, дагы эки учурду айтып өтпөсөм болбойт.
Нарында “Жетим-Тоо” деген темир кени бар. Запасы 5-6 млрд.тонна. Бул бүгүнкү баа менен алганда 80-100 млрд. доллар турат. 2009-жылы Максим Бакиевдин фирмасы 300 сомго “Жетим-Тоону” иштеткенге лицензия алат. Андан кийин ал фирманын 80% акциясын кытай жаранына 20 млн. долларга сатып жиберет. Өзүнө 20%ын алып калат. Кытай компаниясы темир кенди казып алууга аракет кылганда нарындыктар, кийин жети-өгүздүктөр нааразы болуп, көтөрүлүп чыккан. Ошол кездеги оппозиция – биз да каршы чыкканбыз. Бул жерде накта коррупциялык жол менен милларддаган долларлык Кыргызстандын байлыгын чет элдиктердин колуна карматып берип жатат. Ошол кезде коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаров эле. Эмне, анын кулагы дүлөй, көзү сокур, дудук болгонбу? Эмне үчүн ал ошол кезде бир да аракет кылган жок. Жада калса сүйлөгөн да жок. Максим Бакиевге “Мегакомду” алдыргандай, болушунча унчукпай жардам берип отурду.
2010-жылы 7-апрелде революция болду. Жаңы Өкмөт кытай компаниясынын лицензиясын токтотту. Бирок, акырындап унуткарып, 2012-жылдан тартып кытай компаниясы сотко берип, соттон утуп, лицензиясын кайрып алды. Жогорку сот кытай компаниясынын пайдасына 3 жолу чечим чыгарып берген. Аны билип калып, 2016-жылы 3-февралда мен маселени фракциянын жыйынына коюп, ал жерге Мамлекеттик геология агентигинин, АКСтин ж.б күч органдарын чакырып, Кыргызстандын кызыкчылыгын саткан кечиримсиз күнөө экендигин, тез арада бүт күчтү жумшап, Жогорку сотто далилдеп, байлыкты Кыргызстанга алып калыш керек деп тапшырма бердик. Керек болсо ошол чечимди чыгарган сотторду камаш керек дегенбиз. Ошентип, чочутуп, коркутуп жатып, 16-февралда сот Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарды. “Жетим-Тоо” биротоло, талашсыз Кыргызстандын менчигине өттү.
Көбү “Апрель революциясы эмне алып келди?”, “Текебаев эмне кылды?”, “Ата Мекен” эмне кылды?” дешет. Максим Бакиев 300 сомго сатып алып, кытайларга берип жиберген баасы 80-100 млрд. долларлык кенди Кыргызстанга кайтарганыбыз аздык кылабы? Биз кайтарып койгон экенбиз, мына азыр Бакиевдер алып жатканда унчукпай отурган Садыр Жапаров бүгүн “Жетим-Тоону” кытайларга сатып, ошонун эсебинен Кыргызстандын Кытайга болгон карызынан куталабыз” деп айтып жүрөт. Бул жөнүндө ал Баткен, Жалал-Абад, Ошко барган сапарында “Кыргызстандын карызын табигый ресурстар менен жабабыз” деп жарыялады. “Жетим-Тоону” ташып, Кытайга көчүрүп беребиз” деп бүгүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Макул, бир бөлүгүн берип, Кытайдын карызынан кутулсун. Өзүбүзгө да калат. Мен ага абсолюттуу түрдө каршы деле эмесмин. Бирок, “Ата Мекендин”, Текебаевдин Кыргызстанга миллиарддаган доллар байлыкты кайтарып бергенин Жапаров да, эл да билип койгону оң.
Дагы бир учур бар.
2009-жылы февралда Максим Бакиевдин фирмасы (Ширшов жетектеген фирмасы) “Северэлектро” деген энергетикалык тармактын бир бөлүгүн сатып алат. Бул биздин энергетикалык тармактын каймагы. Кыргызстандын энергетикалык рыногунун 40%ын “Северэлектро” ээлейт. Анын карамагында 20 миң километрлик электр линиялары бар. Бул жер шаарын айландырсаң, жарымына жетет. 10 миңден ашык подстанциялар, 600 миңге жакын абоненттери бар. Жана мен айткандай, Кыргыз энергетикасынын каймагы болгон компанияны текейден арзан баага, болгону 3 млн. долларга сатат. “Северэлектро” мүлк комплекси Өкмөттүн арзандатып эсептеген баасы боюнча бир нече жүздөгөн млн. доллар турат. Чынында, азыр 1 млрд.доллар коротуп да андай системаны кура албайбыз.
Бул 2009-жылы февралда болуп отурат. Коррупция экени көрүнүп турат. Бүткүл оппозиция, эл нааразы болуп, “баласына бекер берип койду, бир айлык кирешеси менен 3 млн. доллардан кутулуп кетет экен”, деп нааразылык күчөдү. Коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаров ошондо да үн каткан жок. Макул, ал кезде Максимден корксун. Ал качып кеткенден кийин дагы бул кылмышты жаап-жашырып айтпай келатат да. Анын сыры эмнеде, эмне себептен бул коррупциялык иш болгонун айтпайт, эмнеге жашырат?!.
Эл аралык адистештирилген, авторитеттүү уюмдардын иликтөөсү боюнча, акыркы 20 жылда кооррупция Кыргызстанда 2008-2009-жылдары туу чокусуна жеткен. Ошол жылдары Кыргызстан коррупция боюнча 180 өлкөнүн ичинде 166-орунду ээлеген. Азыр 126-орундабыз.
Ал эми Акаевдин убагында, 2003-жылы 118-орунда, Бакиевдин убагында, 2008-жылы 166-орунда болгонбуз.
Бакиевдердин ушундай талап-тоноо саясатынан улам апрель революциясы болду. Убактылуу Өкмөт “Северэлектрону” 100% мамлекетке кайрып алып келди.
Мынакей, “Ата Мекен” партиясынын, анын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин Максим Бакиев менен Садыр Жапаровдон эмнеси менен айырмалангандыгынын далилдери. Ал эми “Кумтөр” боюнча өзүнчө чоң сөз болот.
Маектешкен Динар ТУРДУГУЛОВА

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер Садыр Жапаров 23-ноябрда “7-каналга” маек берип жатып, «Текебаевдин Маевскийден 1 млн доллар алганы анык, аны мен тастыктап берем» деген. Аны төмөндөн көрүңүз:

3 жыл мурунку окуя…

Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген жалган көрсөтмөнүн негизинде ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, үй камагына чыгарган.

2020-жылдын 15-октябрында Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутатынын мандатын кайтарып алган. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, ордун бошотуп берген. Ал боюнча БШКга арыз жазып, ал канааттандырылган.

Коррупционерлерге коркунуч туудурган –  Аида Салянова

Жогоруда Аида Салянованын тазалыгы тууралуу Өмүрбек Чиркешович дагы айтыптыр. Дагы кандай далил керек? Алигүнчө эле жалган маалымат таратып, шыбап жатышат.

Эки жыл мурун да Аида Салянованы шыбай башташканда, биз дагы далилдүү материалдар менен макала бердик эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.