ВИДЕО — Ислам менен Рамазан кандай гана таланттуу балдар! Аларга заказ бериӊиздер!

ВИДЕО — Ислам менен Рамазан кандай гана таланттуу балдар! Аларга заказ бериӊиздер!

«Каракол Бирге» жамааты эки кыргызстандыкка «Прогерия» диагнозу коюлганын билдирип, «Фейсбуктагы» баракчасына алар тууралуу видео жайгаштырышты. Алардын айтымында, Ислам 20, Рамазан 11 жашта. Алар таланттуу балдар, музыкалык аспаптарда жакшы ойношот. Пластилинден ар кандай каармандарды жасашат. Жасаган каармандарынан былтыр ыктыярчылардын жардамы менен мультфильм тартышкан. Балдардын мындай талантына баа бергендер каармандарга заказ беришет.

Ислам менен Рамазандын талантын бу жердеги ВИДЕОдон көрүп, заказ бериӊиздер!

 «Молодые мои старики…» «Прогерия» деген эмне?

«Прогерия» — байыркы грек сөзүнөн келип чыккан «προσ — «бүттү», γέρων — «карыя» дегенди билдирет. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул сейрек кездешүүчү оору, генетикалык кемтиктердин бири, организмдин эрте картайышына алып келет.

Дүйнөлүк дарыгерлердин айтымында, «прогерия»  оорусуна төрт миллиондон бир адам чалдыгат. Дүйнө жүзүндө прогериянын 400дөн ашык учуру катталган. Аларды дарыгерлер айыктыра албайт, себеби, эч ким бу илдетке каршы дары-дармек ойлоп таба элек. Ак халатчандар оорунун өнүгүшүн басаңдатып, белгилерин азайтууга гана жардам бере алат.

«Прогерия» менен ооруган балдардын терисинде, ички органдарында өзгөрүүлөр болот. Алар бат эле таз болуп, териси картайып, сөөктөрү морт болот. Алты жашында эле картайып калышат. Мындай оору тукум куубайт.

Бул ооруну биринчи жолу 1886-жылы белгилүү англичан дарыгери Джонатан Хатчинсон, 1897-жылы анын жердеши Хастингс Гилфорд өз алдынча изилдеп, аныкташкан.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.