«Жогорку окуу жайга өткөрүп берем» деп 3 миң доллар алган кыз кармалды

«Жогорку окуу жайга өткөрүп берем» деп 3 миң доллар алган кыз кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген кыз кармалганы тууралуу Ленин РИИБнин Басма сөз кызматы бүгүн, 7-декабрда, билдирди.

Алардын маалыматына караганда, ал таанышынын сиңдисин «Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирине өткөрүп берем» деп убада кылып, 27-августта 3 миң доллар алып, качып кеткен.

Бул окуя боюнча жабырлануучу жардам сурап милицияга кайрылган. Бул факт катталып, Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган. Кылмышка шектелип 1995-жылы туулган Ж.Б. кармалган. Мындан тышкары, анын үстүнөн алдамчылык боюнча дагы үч адамдан арыз түшкөн.

Сүрөттөгү кыздан жабыркагандар болсо, милициянын телефонуна: 0(3123526-05, 0(550540750 чалса, же 102 телефонун терсе болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.