Аксыда бала бакча күйүп кетти…

Аксыда бала бакча күйүп кетти…

Бүгүн, 8-декабрда Аксыда бала бакча күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, саат 00:15де «112» кызматы аркылуу «Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын Сыны айылындагы №26 бала бакча күйүп жатат» деген маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 өрт өчүрүү бөлүм тартылган. Өрт саат 02:10 до курчоого алынып, саат 03:45де өрт толугу менен өчүрүлгөн, жалпысынан 784м2 күйгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда. 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.