ИИМ: «987 грамм “гашиш” менен эки адам кармалды»

ИИМ: «987 грамм “гашиш” менен эки адам кармалды»

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматынын бүгүнкү (8-декабрдагы) маалыматына караганда, баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенгендер кармалган.

Бул факт Жазык кодексинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталган.

Натыйжада, Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарында 1997-жылы туулган Ш. уулу И. жана 2000-жылы туулган Ж. уулу Т. аттуу адам кармалып, алардын жанынан кара-күрөң түстөгү, өзөчө жыты бар зат табылып, салмагы 987 граммды түзгөн “гашиш” экендиги аныкталган.

Учурда шектүүлөр УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.