ИИМ дин кызматкерлерин президенттик шайлоодогу үгүттөө иштерине аралашпоого чакырды

ИИМ дин кызматкерлерин президенттик шайлоодогу үгүттөө иштерине аралашпоого чакырды

ИИМдин ЭММКАКнын демилгеси менен Ош шаарында радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууга багытталган жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 7-8-декабрда, Ош ШИИБ, Ош шаардык билим берүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жаштар комитетинин, борборлорунун өкүлдөрүнө жана Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечиттердин молдолору менен семинар, жолугушуулар болгон. Ага 23 мектептин мугалимдери, 78 мечиттин имамдары, Ош шаарынын 7 муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, Ош шаардык ИИБнин жашы жетелектердин инспекциясынын инспекторлору, аймактык тескөөчүлөрү, ЭММКАКнын кызматкерлери катышкан.

Анда милициянын подполковниги Манас Аманбаев 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоодо дин кызматкерлерин үгүттөө иштерине аралашпоого чакырып, мыйзам чегинде жоопкерчилик каралгандыгы тууралуу эскерткен. Аны менен катар ал диний экстремизмди алдын алуу, болтурбоо үчүн молдолордун ролу чоң экендигин баса белгилеп, биргеликте иш алып барууну сунуштаган.
Ошондой эле, Медер Карабаев, Илгиз Ырысбаев интернет, социалдык тармактардагы жаштардын радикалдашуусун жана диний экстремизмдин алдын алуу багытындагы иш-чараларды өткөрүү маанилүү экендигин баса белгилеп, COVID-19 илдетине байланыштуу, санитардык эрежелерди мектептерде, мечиттерде сакталышын көзөмөлдөп турууну эскерткен.
Аягында катышуучуларга 5000 китепчелер, буклеттер таратылган. Мындай иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.