ИИМ: «Журналисттер, бүгүнкү күндө сиздерсиз жашообузду элестетүү кыйын. Майрамыңыздар менен!»

ИИМ: «Журналисттер, бүгүнкү күндө сиздерсиз жашообузду элестетүү кыйын. Майрамыңыздар менен!»

Бүгүн, 8-декабрда ИИМ телевидение жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, ИИМ республика боюнча радио жана телевидениенин 100 өкүлүн кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлаган.

«Бүгүнкү күндө сиздерсиз жашообузду элестетүү кыйын. Сиздердин кесиптик майрамдарыңызга карата чыгармачыл ийгиликтерди, ден соолукту жана үй-бүлөңүздөргө бейкуттукту каалап кетмекчибиз«,-деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, 1958-жылы Кыргыз телевидениесинде биринчи программа эфирге чыккандан кийин, 8-декабрь майрам катары белгиленип, Өкмөттүн токтому менен 1995-жылы 23-декабрда мыйзамдуу бекитилген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.