СЕГИЗБАЕВ: «Жапаров ортомчуларды салып жатыптыр. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебатка чакырам!»

СЕГИЗБАЕВ: «Жапаров ортомчуларды салып жатыптыр. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебатка чакырам!»

УКМКнын мурдагы жетекчиси, президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев атаандашы Садыр Жапаровду дебатка чакырды. Ал мындай пикирин «Азаттыкка» берген маегинде билдирген.
«Мен эң күчтүү талапкер деген адамды (Садыр Жапаров тууралуу сөз болууда — авт.) дебатка чакырам. Мага ортомчуларды салып жатыптыр. Бетме-бет сүйлөшөлү. Артыбыздан сөз кылбайлы. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебаттан ар бирибиз өз чындыгыбызды айталы. Кимдин-ким экенин, кандай максат көздөп жатканын ачык сүйлөшөлү«, -деген Абдил Сегизбаев.

Абдил Сегизбаев буга чейин Садыр Жапаров кимдин буйругу менен Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу билээрин, аны учурунда айтаарын билдирген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныз болот.

Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда УКМКны жетектеген. Ал кызматтан 2018-жылдын 7-апрелинде  өз арызы менен кеткен. Ордуна Орозбек Опумбаев келип, ал киши ушул жылдын 9-октябрында андагы ажо Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматтан кеткен. Учурда бул таасирдүү кызматты Камчыбек Ташиев жетектейт. Ал бул кызматка эӊ жакын досу, президенттин милдетин аткарып турган премьер-министр Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 16-октябрда келген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.