Эрнис АСЕК уулу: «Жүрөгү тоодой эле, сөзү көӊдөй башты шылып түшкөн кылычтай эле, өмүрү өрт эле»

Эрнис АСЕК уулу: «Жүрөгү тоодой эле, сөзү көӊдөй башты шылып түшкөн кылычтай эле, өмүрү өрт эле»

РЕДАКЦИЯДАН: 9-декабрь. Бүгүн белгилүү саясатчы, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» аталган Эшимканов Мелис Асаналиевичтин туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак экен. «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп өзүнүн Эрнис инисине айткан сөзү бар экен…

2011-жылы, 15-сентябрда көз жумган. Арадан 9 жыл өтүптүр…

Маркумдун ашы өткөндөн кийин, 2012-жылы жубайы Асел Эшимканова жолдошунун элесине арнап «Мелис Эшимканов» аттуу китеп түзгөн. Ал китеп баарыӊыздардын эле колуӊуздарга тийбесе керек. Андагы эскерүүлөрдү Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси Эрнис Асек уулу (Эшимканов) атап кеткен «Алакан» сайтынан окуй аласыздар. Бүгүн кечке Эшимканов Мелис Асаналиевичти эскеребиз. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» 

Эсен болуп, эстей жүр!

9 — ДЕКАБРЬ

Жыл сайын бул күн СМС жөнөтүү менен башталар эле. Анткени, 9-декабрь – ага ордуна ага, ата ордуна ата, дос ордуна дос болгон жалгыз адамым – Мелис Эшимкановдун туулган күнү. Сөгүлүп олтурам, төгүлүп олтурам… эч калыпка түшалбай койдум. Гезит-телелер интервью сурашат. «Агаң жөнүндө сен айтпаганда, ким айтат?» дешет. Мен жылуу-жумшак баш тартам. Агам үчүн жасай турган эмгек алдыда…

Экөөбүз көп деле сүйлөшчү эмеспиз. Бири-бирибизди далыбыз менен түшүнчүбүз. Сөздүн да кереги жок эле. «Кандай, старик?» дейт. «Жакшы» дейм. Болду, бири-бирибизди түшүнгөн болобуз. «Сага бир тапшырма бар» деп калат. «Сизге да бир тапшырма бар» деп калам. Бир ачылганда, сөз бербей бажылдап калабыз. Ата сөзүн да, ага сөзүн да, дос сөзүн да айтат…

Агам баскан бактарды аралап келем. Бул жол менен үн-сөзсүз экөөбүз далай бастык. Бир күнү сейилдеп келатсак, августтун аягында болсо керек, «Эрнис, Тибеттин «Книга мертвых» дегенин окудуң беле?» деп калды. «Ооба» дедим. «Мен түшүнбөй койдум. Сага кандай таасир берди?» деди. «Ой, байке, аны эмне кыласыз? Аны түшүнүш үчүн даярдык керек. Сиз даяр эмессиз да» дедим тийишип. «Мухтар өлгөндөн бери өлүм жөнүндө көп ойлончу болдум. Анан Истинаны ойлойм. Качан өтөм, билбейм. Мага бир жыл жетет эле» дедиңиз. Унчукпадым. Кайрадан үнсүз басып жөнөдүк.

Байкем жөнүндө айта турган сөз оголе көп. Балалык кез, жаштык учур, ата-эне, кудай, кино, футбол, журналистика, саясат, жандүйнө, кыздар, кыргыздар, өлүм, өмүр, Истина ж.б.у.с. деги койчу, эмне жөнүндө гана сүйлөшчү эмес элек. Анын баары китепке жазылар. Менден эч нерсе жашырчу эмес. Билгенимдин баарын окурман журтчулугуна тартууларым бардыр. Мени өзгөчө жакшы көрчү. «Карачечекей иним» деп эч нерсе да аячу эмес эле. Азыр эч нерсе жазалбай турам. Калыпка түшалбай койдум…

Студент кезинде жазган новеллаларын таап алдым. Жыргап окудум, куунап окудум. Саясат менен чарпылбаса, гениалдуу жазуучу болмок экен. Болбой калды…

9-декабрь. Эми СМС жазайын…

Аска элең бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да элең өсүп турган…

Эрнис АСЕК уулу,

9-декабрь, 2011-жыл, «Учур»

Аска элең бороондордон тосуп турган, алсыз бир гүл да элең өсүп турган…

Мелис Эшимканов… Аскадай зор кишим кулады. Болгон жүрөгүӊ менен сүйгөн адамыӊ жөнүндө жазыш өтө эле кыйын экен. Бир жыл бою ушул баш сөздү жазалбай кыйналдым. Күндө кечкисин компьютердин маӊдайында олтурам, кагаз менен тиктешем, көздөн чолок жаш чыгат да турат. Байкем бир жаралган, эч кайталангыс киши болуптур. Жүрөгү тоодой эле, сөзү көӊдөй башты шылып түшкөн кылычтай эле, өмүрү өрт эле. Элден башкача жашады, мейли саясатта болобу, мейли карапайым калктын арасында жүрөбү, мейли журналистикадан изденеби, Шукшин айтмакчы, жүрөгү жашоого эт болуп өсүп алды. Өмүрдү ушунчалык сүйдү, өлүмдү жек көрчү, «Эй, үка, мен өлбөйм» деп калчу. Жашоону чексиз сүйгөн киши гана ушинтип айталат. Өткөндө Сагын эже (Акматбекова) айтып жатпайбы, «Минтип чагылгандай өмүрдү ким жашай алат эле, аз жашаса да, саз жашады, баарын көрдү, баарын билди, Мелис гений эле болуптур». Канчалаган тил укту, канчалаган жаман сөздөргө кабылды, кабагым-кашым дечү эмес. «Менин терим крокодилдикиндей болуп калган» деп тамашага салып койчу.

Бул китепке байкем жөнүндө пикирлер, массалык маалымат каражаттарына берген маектери, өзүнүн бала кезден бери жазган макалаларынын топтому, уул-кызынын, жубайынын, жакын досторунун, кесиптештеринин, шакирттеринин эскерүүлөрү, студент кезинде жазган аӊгеме-новеллалары кирди. Ушул китепти окуп, тирүү кезинде көпчүлүк түшүнө бербеген ойлоруна башкача көз караштан карап калат экенсиӊ. Ушул китепти даярдап жатып байкемди мен билгендей, мен туйгандай эч ким болбогонуна көзүм жетти. Эми ушул китеп калды… Тирүү кезинде «Бардыгын чогултуп, китеп даярдабайлыбы?» десем, «Койсоӊчу, кимге кереги бар, андан көрө китеп жаз дебейсиӊби, менин билбегеним жок да, өзүнчө эле бестселлер болот, эх, отура алсам кана» деди эле. Эми анын баарын өзү менен алып кетти.

Бир жолу үйүндө тамеки чегип турсак, «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы. Мен муну кеч түшүндүм» деп калдыӊыз. Сиздин өткөргөн өмүрүӊүз татыктуу болду. Өрт өмүрдү өткөрүп койдуӊуз. Ошол өмүрүӊүз үчүн рахмат, байке!

Үкөӊүз Эрнис АСЕК уулу,

«Мелис Эшимканов» китеби, 2012-жыл

P.S. Аттиӊ арман, минтип агасын жоктоп сыздаган иниси Эрнис Асек уулу да арабызда жок. Агасынын жашында, 49 жашында артынан кете берди. Билинбей эле Эрнистин да каза болгонуна бир жыл (2020-жыл, 29-январь) болоюн деп калды. Арман. Арман… Арман… Жаткан жериӊер жайлуу, топурагыӊар торколуу болсун!

One thought on “Эрнис АСЕК уулу: «Жүрөгү тоодой эле, сөзү көӊдөй башты шылып түшкөн кылычтай эле, өмүрү өрт эле»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.