Камчыбек ТАШИЕВ: «Шум ажал алып кеткенде гана Мелис Эшимкановдун бизге керектигин билдик…»

Камчыбек ТАШИЕВ: «Шум ажал алып кеткенде гана Мелис Эшимкановдун бизге керектигин билдик…»

РЕДАКЦИЯДАН: 9-декабрь. Бүгүн белгилүү саясатчы, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» аталган Эшимканов Мелис Асаналиевичтин туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак экен. «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп өзүнүн Эрнис инисине айткан сөзү бар экен…

«Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» дегендей, көзү өткөндөрдү даңктайлы, эмгеги менен эскерели. Тирүүлүктүн парзы ушул экен. 

Мелис Асаналиевич 2011-жылы, 15-сентябрда көз жумган. Арадан 9 жыл өтүптүр…

Маркумдун ашы өткөндөн кийин, 2012-жылы жубайы Асел Эшимканова жолдошунун элесине арнап «Мелис Эшимканов» аттуу китеп түзгөн. Ал китеп баарыӊыздардын эле колуӊуздарга тийбесе керек. Андагы эскерүүлөрдүн айрымдарын бердик. Бир тууган иниси Эрнис Асек уулунун, айтылуу инсандар: Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Түгөлбай Казаковдун эскерүүлөрү жана жубайы Асел Эшимканованын, келини Назира Саалиеванын маектери жарыяланды. Эми болсо, азыркы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин депутат болуп турган учурдагы эскерүүсүн берип турган чагыбыз. 

Эсен болуп, эстей жүр!  

Эч качан элдин эсинен чыкпайт

Кыргыздын дагы бир тоосу, бул жолу чыгаан журналист, белгилүү коомдук ишмер, айтылуу Мелис Эшимкановдун кулаганын угуп, кабыргам кайышып, жалган дүйнөнүн адилетсиздигинен көз жашым тегеренди. Жакшы адамдардын өмүрү ушундай кыска болот экен, аттиң. Арабызда жүргөндө Мекеңди кандай гана жаман сөздөр менен шыбап жатып калчу элек, а бирок, түпкүлүгүндө Эшимкановдун жандүйнөлүк тазалыгы бизден алда канча өйдө турарын мойнубузга алгыбыз келчү эмес. Мекең ошону билген үчүн да бизден оолактап, бирде Кубат акесинин жанына, дагы бирде Далай Лама жердеген табийгаттын бейишине качып кетчү. Биздин, кыргыздардын көрө албастыгыбыз Мекеңдин адам аурасын чүнчүтчү тура. А биз аны түшүнгүбүз келбей жүрө бериптирбиз. Качан гана шум ажал арабыздан жулуп кеткенде эстей баштадык, Мекеңдей адамдардын бизге керек экендигин.

Саясатта, журналистикада, деги койчу, кайсы чөйрөдө болбосун Мекең «кыргыздардын еврейи» боло турган. Бир ишти баштаса, анын майын чыгара турган. Оригиналдуу ойлорун көтөрүп чыкчу. Ар дайым «бу еврей дагы эмнени ойлоп чыгат?» деп, ошондуктан күтчүбүз. Бакиев кулагандан кийин, ага кошо Эшимкановду да болушунча эрмектеп, жазып жатышты. А бул киши келди да, болгонун мойнуна алып, элден кечирим сурады. Эгемендикке жеткенден бери бир кыргыздын ушинтип, элден кечирим сураганга эрки жетти беле? Жеткен жок. А Мекең ушул нерсеси менен да көп кыргыздан өйдө турарын ошондо эле билдирип койгон болчу.

Жакында эле президенттикке талапкер катары тил сынагын тапшырганы барганымда учурашып, «Сен тууралуу жакшы макала жаздым эле, окудуңбу?» деп сурап калды. Окуй электигимди айтсам, таарынгансып калган. Эч нерсе оюмда жок, «жолугуп сүйлөшөбүз да, бүгүн эле журналисттер чалып, мен тууралуу маек бергениңизди айткан болчу»- деп койгонумду, Мекеңдин кайра-кайра колумдан кысып, «эртерээк жолугалы анда» дегенин, эми болсо, эч качан жолугушпастыгыбызды ойлогонумда, чындап кара терге түштүм. Ошондо мени менен жакшылап коштошуп алгысы келген окшойт, ойлоп көрсөм.

Кыргыздын дагы бир уулунан ажырадык. Коомубуздагы адам ичиркенткен терс көрүнүштөрдү көрүп, балким, ошого кейип, ошондон жүрөгү кармап, ооруканага түшсө керек. Эмнеси болсо да, Мекеңдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Мелис Эшимканов өтүп кеткени менен, анын жасаган иштери калды. А мындай сейрек талант эч качан элдин эсинен чыкпайт.

Камчыбек ТАШИЕВ,

«Мелис Эшимканов» китеби, 2012-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.