Түгөлбай КАЗАКОВ: «Менимче, бу дүйнөдө эки Мелис жашады…»

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Менимче, бу дүйнөдө эки Мелис жашады…»

РЕДАКЦИЯДАН: 9-декабрь. Бүгүн белгилүү саясатчы, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» аталган Эшимканов Мелис Асаналиевичтин туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак экен. «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп өзүнүн Эрнис инисине айткан сөзү бар экен…

2011-жылы, 15-сентябрда көз жумган. Арадан 9 жыл өтүптүр…

Маркумдун ашы өткөндөн кийин, 2012-жылы жубайы Асел Эшимканова жолдошунун элесине арнап «Мелис Эшимканов» аттуу китеп түзгөн. Ал китеп баарыӊыздардын эле колуӊуздарга тийбесе керек. Андагы эскерүүлөрдү Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси Эрнис Асек уулу (Эшимканов) атап кеткен «Алакан» сайтынан окуй аласыздар. Бүгүн кечке Эшимканов Мелис Асаналиевичти эскеребиз. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» 

Эсен болуп, эстей жүр!  

Армандуу өлүмдүн башаты кайда?

Мындайда эмне айтарыңды да билбей калат экенсиң. Айтары көп болсо да, эстеген сайын быт-чыт болуп ою жыйналбай, кайсы бирин айтайын деп оор үшкүрүп туруп калат тура жакын адамынан айрылгандар. Түбүндө пессимист жаным кайратка таяна калып, калбаат-калбаат сөздөрдү айталбай, күтүүсүз иштин күйүтүнө чалынып, оозума оңдуу кеп келбей жатпайбы. Келгенин айтайын.

…90-жылдардын башында эски аянттан Аман (бир тууган агам) экөөбүз жолугуп калдык. Ал ошо кездеги компартиянын чекесине чыккан чыйкан — КДКнын кезектеги булоолонгон жыйынынан чыгып келатыптыр. Сүйлөшүп турсак айтып калды: «Мелис Эшимканов деген баланы көрдүм. Көзү тирүү, чыйрак экен. Кудай аман койсо, мындан аркы журналистиканын багытын ушу жигит аныктайт». Дадил сынчы Мелистин басма сөздөгү келечегин даана көргөн экен. Ошондой эле болду. Мелис бюрократия, цензура дегендердин төбөсүн тебелеген бойдон тоталитардык системанын төрүнө чуркап барып сайган ал кездеги сөз эркиндигинин кичинекей желеги, кийин Кыргызстандын тышкы кожоюндарга көргөзөр демократиялык паспортуна, басма сөз эркиндигинин байрагына айланды. Сыртынан ушундай болду. Ичинен Мелистин тартпаган азабы калган жок. Эки күндүн биринде сот, текшерүү, редакциянын эшигин бузуп кирип, компьютерлерди талкаламай, коркутуп-үркүтмөй, андан да кордугу — кошоматтан башканы билбеген кыргыз бийлиги тарпка тап гезиттери аркылуу Мелисти жерден алып көргө, көрдөн алып күлгө чаап турушту. Сыртынан тоготпогонсуганы менен Мелис деле тирүү жан катары ичинен түтөп жүрдү. Ден соолугу акырындап кете баштады. Башкалар бат эле майыша турган ал жолдо Мелисти ички күчтүү духу кармап жүргөн сыяктанат. Кантсе да азыркы армандуу өлүмдүн башаты ошол мезгилде жаткансыйт.

Бир топ жыл чогуу иштедик. Замандын күрөө тамырынан колун албаган Мелис редакциянын да аба ырайын синоптиктей эле сезип турчу. Гезит дегениң да ала койбосоң эле башыңа түшүп кетчү конвейер эмеспи. Коллектив чарчап баратканын илгиртпей сезип, тирукмуш иш-чараларды уюштуруп, эс алдырып ийчү эле. Күчтүү кишилер гана тегерегине күчтүү кадрларды жыйнайт. Мелис ошондой болчу. Ал баарыдан мурда иштин кызыкчылыгын көздөчү. Ошон үчүн өз гезитине өзүн соккондорго да, планеркада андан катуу кыйкыргандарга да, аны сатып кеткендерге да кек сактабай, тамаша менен жайгарып жүрө берчү.

Бир чындыкты мурда айтсам, көбү ишенмек эмес. Азыр айтайын. Мелистин гезитине чыккан сын макалаларды Мелис жаздырып жатат деп жүрүштү. Ар ким өз ыпластыгына жараша ой жүгүртөт болуп жүрдү. Бирок ушунча жыл чогуу иштеп, бир да жолу Мелистин «тигини сок, муну талкала» дегенин уккан жокмун. Ал сындаган жагынан эч кимдин жардамына муктаж эмес болчу.

Менимче, бу дүйнөдө эки Мелис жашады. Бири — дайыма бир чырдын ичинде жүргөн авантюрист Мелис, экинчиси — адамдыктын улуу дөөлөттөрүн, чындыкты издеп чыркыраган гуманист Мелис. Биринчиси экинчисин бир топ кыйнап койду…
Ал саясатта адашып жүргөндөрдү мындай кой, лидермин дегендердин көбүнөн тың да, көрөгөч да, акылдуу да болчу. Кысталышта сөз тапкан, кыяматта көз тапкан катары аны көптөрү аябай эле пайдаланды. Бир жылдары үч кайнатсаң сорпосу кошулбаган бийлик менен оппозицияны сөзгө келтирем деп убара болуп жүрүп, артында «буларың такыр эле жинди турбайбы» деп көрпенделик амбициясынан өйдө көтөрүлө албагандарына кейигени эсимде. Жаштыгына карабай туура жол кайсы экенин көрүп турду. Бирок тиги бийлик менен байлыктан башканы көрбөй калган ашынган мансапкорлор Мелистин каккан коңгуроосун уккан жок. Ошондо бир түңүлдү…

Апрель төңкөрүшүнөн кийин Мелис үйүндө отуруп калды. Алты саны аман, ишке тойбой турган адамдын эч кимге кереги жоктой, кечээ эле кайнап турган казандын сыртында калышы — жок эле дегенде ден соолукту бузат. Жакында эле Бакиев менен кучакташып-өбүшүп, оң кол, сол колу болуп жүргөндөрдүн «Бакиевдин кадры» деген кара тизмесине кирип калды. Парадокс эмей эмне. Анан калса бакиевчилер Мелиске окшогон бир топ жигитти элге жаман көргөзүп кетти. Себептери дагы айтылар. Менимче, өз реабилитациясын күтүп, жоопсуз жашаган акыркы бир жарым жыл Мелисти күйгүзүп ийди.

Түгөлбай КАЗАКОВ,

«Мелис Эшимканов» китеби, 2012-жыл

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.