Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: «Мекем — атбашылык. Мээси да атбашылык, акылы да атбашылык. Уругу — азык, тукуму — кыргыз»

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: «Мекем — атбашылык. Мээси да атбашылык, акылы да атбашылык. Уругу — азык, тукуму — кыргыз»

РЕДАКЦИЯДАН: 9-декабрь. Бүгүн белгилүү саясатчы, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» аталган Эшимканов Мелис Асаналиевичтин туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 58 жашка чыкмак экен. «60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп өзүнүн Эрнис инисине айткан сөзү бар экен…

2011-жылы, 15-сентябрда көз жумган. Арадан 9 жыл өтүптүр…

Маркумдун ашы өткөндөн кийин, 2012-жылы жубайы Асел Эшимканова жолдошунун элесине арнап «Мелис Эшимканов» аттуу китеп түзгөн. Ал китеп баарыӊыздардын эле колуӊуздарга тийбесе керек. Андагы эскерүүлөрдү Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси Эрнис Асек уулу (Эшимканов) атап кеткен «Алакан» сайтынан окуй аласыздар. Бүгүн кечке Эшимканов Мелис Асаналиевичти эскеребиз. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» 

Эсен болуп, эстей жүр!  

Мелис Эшимканов — реформатор, авантюрист жана кумурска

9- декабрь устатыбыз Мелис Эшимкановдун туулган күнү. Быйыл 49ка чыкмак. Шум ажал арабыздан алып кеткенине 87 күн болду.

Мелис Бишкекте — Кызыл Аскердеги №50 мектепте окуп, 5-классында эле КТРдин балдар берүүсүнүн алып баруучусу болгон. Журналистика «оорусун» жугузуп алганы ошондон. Жыйырма жылдан ашык чогуу иштедик. Ошондон ушуга дейре Мекечал «КТРдин башчысы болушум керек» деген көксөөсүн көп айтчу. Акыры көк-өжөр неме ошол максатына жетип тынды. «Карыпкуловдун кара жащиги» аталып кеткен КТР төрага катары реформалап баштаганда — КТРдин ичинде өзүнчө «кытыры» болуп алышкан Б.Бекешов, Н.Кочкоров ж.б. көзөлдөрдү иштен айдап, 300 адамды кыскартканда, оңбогур Бейшенбек көкүрөгүнө фанера тагып алып «Эшимканов кетсин!» деп үч күн кебээрсип ачкачылык жарыялаганы бар. Мелис эски берүүлөрдүн дээрлигин жаңылады. Өзүнөн мурда сөзүн жуткан дикторлорду алдыңкы кабар берүүлөрүнө чекти. Коомдук канал деген статус алууга жетишти. Мунун баары айтканга жеңил болгону менен, ар бир аракет идеялары оңойлук менен ишке аша койгону жок. КТРдин кошоматына жедеп жеттиккенче көнүгүп алган. Акүй да Эшимкановду көзүнүн төбөсү менен карап, эптеп ушул жигитти ээрден кулатсак деген топтор чыкты. Меке кыйтыр да, Бакиевдин көңүлүн тапканга жетишкен болчу.

Мекени реформатор деп айткан себебим — КТРден мурда бул жигит «Ленинчил жашты» алуунун амалын көрдү. Адеп «Комсомолец Киргизия» гезитинде жооптуу катчы кызматында иштеп, аз өтпөй АКЖС БКнын борбордук аппаратында бөлүм башчы болуп иштеп калды. Канча бир жылдардан бери башкы редактор болуп, жазган макалаларыбызды карандаш менен оңдоп, «ушундай болсо туура го» деп улук башын кичик кылып бөлмөгө өзү кирсе бетибиз табактай болуп Нуралы Капаров экөөбүз олтуруп калып, келген Акбар Рыскуловичти Мелис Асаналиевич комсомолдук чоң жыйында жыгып, «Ленинчил жашты» ээледи. Азыр «Сейтек» балдар уюму болуп калды, мурда бул имаратта саясий жыйындар гана болчу.

Ошентип, жыйын болуп атат — «Ленинчил жаштын» башкы редакторлугуна төрт атаандаш бар деп жарыялашты. Акбар Рыскулов, Абибилла Пазылов, Абдиламит Матисаков жана Меке. Ал шак эле «Мен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда туулгам» десе болобу. Адегенде төрт тараптан келген саанчы, малчы, жүгөрү эгип дыйкан болгон комсомолдордун мыкты алдынкылары комсомолдук конференцияга мандат алып келишчү.

Добуш берүүдө Мелис утуп кетти. Себеби ал ЛКЖС аппарат балдарын даярдап койгон болчу — ар бириңер өз аймагыңардан келген делегаттарга айткыла, мага добуш салсын деп. Ошондой болду. Көпчүлүк добуш менен Мелис Эшимканов «Ленинчил жаштын» башкы редакторлугуна шайланды.

Балекет анан башталды. Бир эле редакцияда туруп, бир эле туш ручке менен экиге бөлүнгөн редакция жамааты транспарант жазып, Ак үйдүн күн чыгыш тепкичине туруп алышпадыбы. Башкы редактордун кабинетине жеңилген тарап балта алып келип, эшигин талкалаганга да аракет болду. Акыры Эшимканов тарап жеңди. ЛКЖС БК анда алдан тая баштаган болчу. Акылдуу жигит, кыздар «ушундан көрө коммерцияга кетем» деп куттуу жердин кутун учуруп турушкан. Ошолордун көбү кийин «подвал коммерциясынан» сыртка чыгып, ири бизнестерин түзүп, азыр саясаттын кайсы нукта, кандайынча агып баратканына сереп салып турушат.

Мелис КМУнун филфагынын үчүнчү курсунда «501-аудитория» деген мыкты аңгемесин жазып, «Кыргызстан маданиятына» чыгарды. Агезде «КМга» чыгуу деген — космоско чыгуудай эле болчу. Ошол аңгемесинен кийин Мекечал КМУнун филфагынын комсомол комитетинин секретары сыпатында ак көйнөк, кара галстук тагынып, 38-размердеги батинкесинин башын теңкейтип чыга келди. Ошондон кийин Эшимкановдун бирдеме жазганын көзүм чалганы жок. Фиаского тушугуп калган окшойт. Жанагы алгачкы аңгемеси Кубатбек Жусубалиевдин стихин туураганын ошондо эле Мелисти көрө албаган катарлаштары айтышчу.

Кубат акенин эки килдик килтейген китебин Меке чыгарды. «Айылда жашап атасыз, үй салып атасыз» деп айлык чектеп, черепицасына дейре Алайга ташып барып берди. Бул жөн гана жазуучулук жан боордулук же кошомат эмес, а чыныгы берилген биртуугандык сезим болчу. Эгер чынын айтсак, эгемендүү өлкөбүздө басма сөздө алгач реформация жасаган Эшимканов менен Жусубалиев. Муну эч ким тана албайт.

Кыргыз совет басма сөзү калька деп коюшат го, ошол ыкта социалисттик рамкадан чыкпай, жалпы сөздөр менен жаза берчү эмес беле, Эшимкановго айтканбы же өзүнүн сергек акылы менен туйдубу, Кубат аке айтыптыр, Осмоналиев жыйырма жыл олтурган ушул олтургучту өрттөп, таза, элдин сөзүн гезитке киргизели дегенден соң, «Жаштык жарчысы», анын уландысы «Асаба» тоңгон сөздөрдөн элдин жумшак, турмуштук сөздөрүн жазып баштадык. Каныбек Иманалиев, Бакыт Орунбеков, тарыхчылар — Тынчтык Чоротегин, Кыяз Молдокасымов, Ибраимов, Калык, Осмон, бери жактан Эгемберди, өйдөтөн Салижан аке, Алым Токтомушев, Шайлообек — бүт кыргыздын бөгүлүп-төгүлө албай турган мыктылары Мекени колдоп кетишти. Өйдөгө атын атаган мыктылар кыргыздын акылдуу адамдары. Буларсыз кийинкилерди өстүрүү кыйын. Азыр Мекем жокто «Ушундай да болобу?» деп жүрөгүм ооруйт. «Эмнеге бизди таштап кетип калды?» деп сурайм. Суроомо жооп жок. Бүт өзү өстүргөн, коркутуп-үркүтүш болуп бүтүндөй бир плеяда өстү.

Меке чындык издеп эзелтен көксөгөн Тибетке да барып келди. Жогорку Кеңеште бир тал сакал өстүрүп алыптыр, өмүрү тагынбаган көзайнек илип алыптыр, «Кебетең монах болуп калыптыр го» десем, «Ыйманга кирбейсиңби» дейт. Журналистте кайсы ыйман болчу эле, ойнотуп сүйлөгөндүн да чеги болот да» деп депутаттык бөлмөсүнөн чыгып кетсем, кечке жуук байланышат — «Таарынган жоксуңбу?» деп. «Эмнеге, авантюрист, не таарынам, төрт жолу отпуска акча аларда көчүккө тепкен башкармага башкалар таарынар, орусча көп окуп алган мага окшогон койлор таарынмак беле» дегеним эсимде.

Үй-бүлөсүнө үйрүлүп түшчү. Уулун финансист кылбай, фортепианого окутту. Кызы Англияда окуду. Өтө билимдүү, эстүү өстү. Атасынын акчасына чалчактаганы жок. Неберелүү кылды. Ошол тойдо — «Дасмияда» — Чолпон Баекова баштап каңылдап ырдаганыбыз бар. Келинчеги Айгүл да журналист. Ал сыркоолоп калганда арак-шаракты унутуп, Айгүлдүн кирпиги менен жыгылып, аталык, эрлик кызматын кылды. Муну биз, Мекемди ичинен билгендер гана билебиз. Айтпайт элем, айтып атам.

Эшимкановдун эмгекчилдигине таң берсе болот. «Асаба» чакырышты — барсам Мелистин ручке жазган ортон сөөмөйүн бир элидей чор каптап калыптыр. Ошондо ушу кишиге чындап ичим жибиген. Кумурскадай эмгекчил эле, эзели жаны тынчу эмес. Ошол эмгеги менен «Асабаны», аны бийлик жаап салганда, үйүнө компьютерлерди чогултуп «Агымды» чыгардык. Тажаал, өткүр, акылдуу, өз көздөгөнүнө жетмейинче жаны тынбаган Мекем эле.

ЖК депутаты, Мелистин шакирти Каныбек Иманалиев Төлөгөн Карыкеев экөөбүзгө айтат. «Мен Мелис байкенин атын Октябрь районунун чоң көчөсүнө койдуруу маселесин көтөрөйүн, сиздер колдоп жазып бериңиздер» дейт. Колдойбуз. Эл да колдойт.

Келер чак, учур чак, өткөн чак дейт эмеспи кыргыздар. Өткөн чак менен сүйлөгөн жакшы эмес. Дайыма жаныбыздасың, Меке. Атаң 44 жашында компартиянын кордугунан кетти эле, сен 48иңде азыркы оомал заманды оңдойм деп түйшүктөнүп атып, жүрөгүң көтөрө албай калды.

Мекем — атбашылык. Мээси да атбашылык, акылы да атбашылык. Уругу — азык, тукуму — кыргыз. Ушундай бир тукумубуз 48инде жөнөп кетти. Атай менен Муса, Жолон менен Турар да 48инде кетти. Өкүт. Таланттуу адамдар бүт тиричилик, саясат маселелерин жакындарына айтпай, жүрөгүнө жыя берип, акыры жүрөгү жарылып кетет турбайбы.

Мекебиз да ошондой болуп калды.

Кайран Мелис. Өлбөй тирүү кал. Башка сөз айта албай турам. Ичти эңшерип бизди таштап кете бердиң.

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ,

«Мелис Эшимканов» китеби, 2012-жыл

3 thoughts on “Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: «Мекем — атбашылык. Мээси да атбашылык, акылы да атбашылык. Уругу — азык, тукуму — кыргыз»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.