Хапиза ХАМИДОВА: «Үйүндө жалгыз калган карыянын өлүмү зээнди кейиткен..» 

Хапиза ХАМИДОВА: «Үйүндө жалгыз калган карыянын өлүмү зээнди кейиткен..» 
«Биздин каарман»
Бул рубрикабыздын бу жолку каарманы — Хапиза Хамидова. Канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берген каарманыбыз көптөгөн сыйлыктардын ээси. Ал ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматында эмгектенет. Куткаруучу фельдшер, прапорщик менен маек курдук.

— Хапиза айым, балалык кезиңиз кайсы жерде өттү эле, агездеги кыялыңызга жеттиңизби? 
— Баткен облусунун Лейлек районундагы Искра айылында 1985-жылы 30-сентябрда төрөлүп, балалыгым ошол жерде өткөн. Кичинемден аскер кызматкери болууну самачумун, анткени туугандарыбыздын көпчүлүгү аскер кызматкери болуп, форма кийээр эле. Мен дагы ошолордой кийинип, мекенге кызмат кылам дечүмүн. Ал кыялымды билген атам: «Капитаншам, Генералшам менин, чоңойгондо полевой хирург болуп, элдин батасын алган кыз болот»,-деп эркелетчү.
2001-жылы мектепти ийгиликтүү аяктап, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырып, артыкчылык менен аяктап, Лейлек райондук аймактык ооруканага жумушка кирдим. 2019-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын фельдшери болуп жумушка орноштум. Билимимди жогорулатуу максатта, Ош Мамлекеттик университетинин Биология факультетине тапшырып, 2010-жылы артыкчылык диплом менен ийгиликтүү аяктадым. Аттестацияны, зачётту, жыл жыйынтыктарын аябай чын жүрөктөн тапшыраар элем. Тапшырманы так аткарсам, офицер кылып коёт деп ойлочумун.
— Кызмат учурунда кайсы окуя эсиңизден кетпейт?
— Бир жакка чакыруу түшүп калса, адам өмүрүнө коркунучтуу окуя болбосо экен деп безилдеп калабыз. Айрыкча, кырсыкка кабылган жаш балдарды көргөндө жүрөгүм ооруп, колумдан келишинче өмүрүн сактап калууга аракет кылам. «Азыр сууга түшсөм суунун түбү терең болсо, сүзө албай калсам эмне болот?» -деп балдар ойлонбойт да. Жай мезгилинде сууга түшкөн жаш балдарды кароосуз калтырбоого ата-энелерди чакырат элем.
Негизи ишимде кайгылуу окуялар көп кездешет. Ага психологиялык жактан даяр болушуң керек. Ошону билгендиктен өзүбүздү ага аябай даярдайбыз. Мындан 2 жыл мурда, бир карыя үйүндө жалгыз калып, каза болуп калыптыр, өлгөнүнө канча күн болгону белгисиз. Ошондой өлүмдөн Кудай сактасын! Карыяга боорум ооруп, көпкө чейин жаман болуп жүрдүм. Андай тагдырды эч кимге каалабайм. Ар бир адам үй-бүлөсү менен бактылуу жашап, бактылуу карылыкка жетишин каалаар элем.
— Ушундай кызматыңыз өзүңүзгө жагабы?
— Ооба, жумушум өзүмө жагат. Жолдошум да аскер кызматкери. 3 кызды тарбиялап жатабыз. Элибизде-жерибизде тынчык, аманчылык болуп, өлкөбүз өнүгө берсин!
ӨКМ Басма сөз кызматы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.