Мирлан БАКИРОВ: «АКШнын элчиси Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат»

Мирлан БАКИРОВ: «АКШнын элчиси Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат»

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатканы тууралуу бүгүн, 10-декабрда парламенттин отурумунда билдирди.

«Дональд Лу партиянын атын атап, «кайдан-жайдан пайда боло калды?» деп жатат. Элчи өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, Кыргызстандын жаранын, партияны сыйлабастыгын көрсөттү. «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлүп, Бишкек, Ош шаарларындагы жергиликтүү шайлоолордо ийгиликке жетишкен. Ошондой эле ал коррупциялык жол менен өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн. доллар тууралуу да айтты. Бул маселе боюнча учурунда депутаттык комиссия түзүлүп, иштеген. Алар азбы-көппү иликтеп, тиешеси жоктугун аныктаган. Конституциялык орган болгон парламенттин депутаттык комиссиясына да шек келтирип жатат. Эгерде кандайдыр бир суроосу болсо башка жол менен кайрылып, сот менен аныктап чыкса болот. Ал биздин ички маселебиз жана парламенттин ыйгарым укуктары«,-дейт М.Бакиров.

Белгилей кетсек, 5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан. Мындан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деген.

Кечээ, 9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. “Магнитский акты” деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Мирлан БАКИРОВ: «АКШнын элчиси Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.