Нурбек МУКАНОВ: “Милициядан кадыр-барк, жакшы тааныш таптым, дос, жар күттүм»

Нурбек МУКАНОВ: “Милициядан кадыр-барк, жакшы тааныш таптым, дос, жар күттүм»

Милициянын мыкты уулдарынын бири, кесиптешим ИИМдин Күзөт кызматына караштуу Октябрь райондук күзөт кызматынын төртүнчү взводунун командири, милициянын капитаны Муканов Нурбек Жумакуновичти Сиздерге тааныштырганы турам. Анда эмесе, кеп кезегин Нурбек мырзанын өзүнө
берели.

— Мен 1979–жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында төрөлгөм. Атам Жумакун Муканов көп жылдар бою биздин айылдын башкармасы болуп иштеп, эмгеги сиңген адам эле. 2017-жылы ооруп, каза болуп калган. Апам Гүлүйпа Кадырова эсепчи кызматында иштеген, азыр ардактуу эс алууда. Бала кезимден ата-энемдин эмгегин актасам экен, алардай болуп мамлекетке кызмат кылсам деп кыялданчумун. Форма кийип, милиция болгум келчү. «Жаштын тилегин берет” дегендей, ал аткарылды. 1996-жылы Бишкек шаарындагы КГУСТАга тапшырып, жол кыймылын уюштуруу кесибине ээ болдум. Тандаган кесибим өзүмө жагат, аны баалап, чын дилим менен кызмат кылып келатам.
Бул кесиптен эмне таптыңыз?

— 2002-жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенип келатам. Бул жылдар аралыгында жашоомдо көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болду. Милициядан кадыр-барк, жакшы тааныш таптым, дос, жар күттүм. Үйдө бекем тылым бар. Келинчегим Жанузакова Аида экөөбүз 19 жылдан бери бирге өмүр сүрүп, бактылуу жашап келатабыз. Ал менин жумушумду туура түшүнүү менен карап, жардамын аябайт. Ортобузда татынакай эки балабыз, бир кызыбыз бар.

— Тыл бекем болсо эле, иш алдыга жылат. Ошентсе да, кызматыңар кооптуу, ар кандай кырдаалдарга туш болуп калышыңар мүмкүн. Опурталдуу окуядан айтып берсеңер?

— Туура, кызматыбыз кооптуу. Атылган ок. Ыкчам аракет. Сакталган мүлк тууралуу айтып берейин.
2011-жылдан баштап ИИМдин Октябрь райондук Күзөт кызматында 4-взводдун командири болуп иштейм. Кызматтагы балдарга өзгөчө маанилүү мекемелерди, жарандарыбыздын мүлктөрүн кайтаруу жана коомдук тартипти сактоодо жана ошондой эле кылмыштардын бетин ачуу боюнча милдеттерин туура, так аткаруу боюнча күнүгө нускама өтүп, өзүмдүн милдеттеримди жоопкерчилик менен аткарып келатам. Анткени кызмат учурунда ар кандай кырдаалдарга туш болуп калышыбыз мүмкүн. Андай окуялардын бирине эле токтоло кетейин. Ушул жылдын, 12-июлунда, түнкү саат 03:47 чамасында, Бишкек шаарындагы ломбарддардын биринен “Айгай” белгиси келип түштү. Айтылган дарекке саат 03:50дө келдик. Мекемеге болжол менен 200 метр аралык калганда, эшиктин чала жабылып турганын көрүп, табелдик куралымды колго алып эшикти көздөй бастым. Аңгыча мекеменин ичинен белгисиз бирөө чуркап чыгып, качып жөнөдү. Кармоо тобунун кызматкерлерин жардамга чакырып, анын артынан кууп жөнөдүк. Ага жетейин деп калганда, колундагы тапанчаны колдонууга аракет кылып, мени атып салаарын айтты. Куралым менен ага эскертүү иретинде, асманга бир жолу ок аттым. Ага карабастан, ал куралын ыргытып жиберип, качканын токтотподу. Биз артынан кубалап жетип, кармадык. Дароо Октябрь райондук Күзөт бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө билдирип, 102 кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын ыкчам тергөө кызматын чакырттым. Алар менен биргеликте ыргытылган куралды таптык. Ошентип, ломбарддын мүлкүн сактап калып, уурулукка жол берген эмеспиз.

Айканыш САЛЫМБЕКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.