Нурлан НАСИП: «Ютубга жалган маалымат таратып, акча тапкандарды сотко берем!»

Нурлан НАСИП: «Ютубга жалган маалымат таратып, акча тапкандарды сотко берем!»

Ырчы Нурлан Насип үй-бүлөсү тууралуу жалган маалымат тараткандарды сотко берээрин өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди. Ал төмөндөгүдөй пост калтырды:

«Буга чейин Интернетте биз жөнүндө ар кандай каралап жазгандарга унчукпай келгем. Мындан ары карап туралбайм. Такталбаган маалыматтарды чыгарып, биздин моралдык укугубузду тебелегени үчүн, жакшылыкча өчүрүп, бизден кечирим сурабаса, сотко берем, жооп бересиңер! Ютубга эптеп эле просмотр чогултуш үчүн ар кайсыны жазып, биздин атыбыздан акча таппай эле го койгулачы, сураныч! Эмне биздин үй-бүлө силерге оюнчукпу?!,-деп жазган Нурлан Насип.

Ырчынын мындай пикирин кесиптештери колдоп, «Жалган маалымат жарыялагандар жазаланышы керек! Мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек!» деген комментарийлерди калтырышты.

Ютубдун жаралуу тарыхы…

YouTube — дүйнөдөгү эң популярдуу жана ири видеохостинг, you — сен, tube — кутуча же сыналгы, сенин сыналгың деген маанини түшүндүрөт. Ал өзүнө адабий, даректүү тасмаларды, клиптерди, мультфильмдерди, видеоблогдорду камтыйт. Колдонуучулар видеороликтерин сактап, кошуп, көрүп, пикирлерин жазып, башкалар менен бөлүшөт.

Ютуб 2005-жылы, PayPal компаниясынын мурунку үч кызматкери Чад Хёрли (Chad Hurley), Стив Чен (Steve Chen) жана Жавед Карим (Jawed Karim) тарабынан түзүлгөн. «Usa today» гезитинин маалыматы боюнча, идеянын, долбоордун автору Жавед Карим, видеохостинг жасоо идеясы Жанет Жексон менен Жастин Тимберлейге таандык. Алар 2004-жылдын 26-декабрында болуп өткөн Индия океанындагы цуннаминин видеосун таба албай кыйналганда, идея пайда болгону айтылат.

YouTube дүйнөнүн 79 өлкөсүндө жеткиликтүү. Кыргызстанда да кеӊири колдонулуп, жайылып баратат. Ютубга 100 миӊ киши катталса, YouTube компаниясынын «күмүш баскычына» ээ болот. Мындай баскычка маркум Чубак ажы Жалилов, «Азаттык», «Спутник», «АКИпресс», КТРК жана айрым ырчылар ээ болгон. «Күмүш баскычка» жетем, 100 миӊ киши чогултам» деп айрымдар туура эмес маалымат таратып жатканы да ошондон. Бул ачуу чындык!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.