Ялкун ДАУТОВ: «Коомдук коопсуздукту сактоо — милициянын иши» деп таштап салуу туура эмес!»

Ялкун ДАУТОВ: «Коомдук коопсуздукту сактоо — милициянын иши» деп таштап салуу туура эмес!»

Бүгүн, 10-декабрда, Ош шаарында ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жыйындын негизги максаты — милициянын эл менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алууга карата иш-чараларды жүргүзүү. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, ИИМдин Коомдук кеңештин мүчөлөрү жана төрагасы Ялкун Даутов, эл аралык уюмдар, коомдук профилактикалык борборлордун жетекчилери, жарандык активисттер катышып, ойлорун ортого салышкан. «Коомдук коопсуздукту сактоо -милициянын иши» деп таштап салуу туура эмес. Биз баарыбыз ушул коомдо жашап жаткандыктан, жалпыбыз милицияга жардам берип, коомдук коопсуздуктун сакчылыгында турушубуз керек. Анан албетте, милициянын кызмат өтөөсүнө бардык шарттарды түзүп берүүсүн тиешелүү органдардан суранып, талап кылышыбыз керек!»,-деди Ялкун Даутов.

Аягында алдыда аткарылуучу иш-чараларды камтыган резолюция кабыл алынды.

Маалым болгондой, 2015-жылы ички иштер органдары менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарынын негизинде, Кыргызстандын региондорунда көчмө жыйындарды өткөрүп туруу белгиленген. Ошол белгиленген иш-чаралардын алкагында, жарандык коомдун жана ички иштер органдарынын катышуусунда, ушул күнгө чейин 13 ирет ушул сыяктуу көчмө жыйын уюштурулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.