Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Ушул азыр «даканса» деп жүргөндөр, убагында унчукпай балык болгон»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Ушул азыр «даканса» деп жүргөндөр, убагында унчукпай балык болгон»

Белгилүү журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболот учурдагы көрүнүш тууралуу ыр жазып, «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Ал төмөндө:

Уурулугу Максимдин анык болгон,
Укуругу узарган Жаныш болгон.
Ушул азыр «даканса» деп жүргөндөр,
Убагында унчукпай балык болгон.
Ажаандарга таланып, ошондо эле,
Акыйкатты айткандар жарык болгон.
Эчендерге эргулдар бүлүк салган,
Эжелери банктарга кирип барган.
Талаштарда Кумтөрдү шылтоо кылып,
Таттуулугун бийликтин билип калган.
ОБОНдорго жумуртка тараткандар,
Ошондо эле өзөгү чирип калган.
Азыр эми ар-намыс жок болууда,
Айыгышкан душмандар дос болууда.
Ак-карасы чындыктын аралашып,
Араңарда тепселип боз болууда.
Ортодогу айтылган кебиңерден,
Отуз жылдык жаракат козголууда.
Көп түкүрсө көл болот. Түкүргөндө…
Көбү кетти, үмүттөр үзүлгөндө.
Жеңиш менен ишенич уурдалыптыр,
Жең ичинен көп ишти бүтүргөндө.
Чыдам кетип, калп менен эрегишкен,
Чындык кошо карыды, түшүнгөнгө.
Бириң жалган, ал ырас, бириң анык.
Бийлик деген кумарга кирип алып,
Бирок дале алмашып жүрөсүңөр,
Бириң берип, кайрадан бириң алып,
Жарылган соң, жалжайып жатат эми,
Жаралардын оозунан ириң агып…
Жыргалбек КАСАБОЛОТ, 7-декабрь.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.