Келерки жылы бюджет тартыш болот, ал 8,5 миллиард сомдон ашары айтылууда…

Келерки жылы бюджет тартыш болот, ал 8,5 миллиард сомдон ашары айтылууда…

2021-жылга карата бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кечээ, 10-декабрда парламент акыркы окууда кабыл алды. Ал жыйынга премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков баштаган өкмөт өкүлдөрү катышып, экономика тууралуу маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 172,9 миллиард сом, чыгашасы 181,3 миллиард сом. Дефицит 8,5 миллиард сомдон ашат деген божомол бар. Бул көрсөткүч ички дүң продукциянын 1,4% барабар болот.

Алардын мындай маалыматына айрым депутаттар нааразы болуп, «2021-жылга карата бюджети реалдуу эмес» дешти. Ал эми Өкмөт коронавирустан улам ушундай кырдаал жаралганын баса белгилеп, келерки жылы ал жөнгө салынып, экономика калыбына келет деген ойду айтып, турукташтырууга болгон аракеттерин жумшап жаткандарын билдиришти.

10-декабрдагы экинчи, үчүнчү окуудан өткөн мыйзам долбоору президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.