ВИДЕО — Курманкул ЗУЛУШОВ: «Матраимовду калкалаган жокпуз, аны өзүңөр көрүп атасыңар»

ВИДЕО — Курманкул ЗУЛУШОВ: «Матраимовду калкалаган жокпуз, аны өзүңөр көрүп атасыңар»

Мындай пикирин башкы прокурор Курманкул Зулушов «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Райымбек Матраимовду калкалаган жокпуз. Мурдагы аракеттери боюнча мамлекет тарабынан же көзөмөл органдары тарабынан эч кандай калкалоо жок, аны өзүңөр көрүп атасыңар. Мамлекеттик зыянды ордуна коюу, коррупцияга бөгөт коюу, кылмышты тез арада тергеп сотко өткөрүү, соттон жазасын алуу — биздин бир гана максатыбыз ушул”,-дептир башкы прокурор.

Буга чейин да башкы прокурор Матраимов тууралуу пикирин (координациялык кеңештин жыйынынан кийин) билдирген. Анда ал айыпталуучу Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташып, бюджетке акча төлөп жатканын баса белгилеген. «УКМКда Райымбек Матраимов боюнча кылмыш иштери тергелип жатат. Мендеги маалымат боюнча, 1 млрд. сомго жакын мамлекеттик зыян өндүрүлдү. Бир эле Матраимов эмес, өлкөдө ким кылмыш жасаса, экономикалык, коррупциялык, бардыгына бөгөт коюлушу керек!,-деген Зулушов.

«7 тыйынга тиешем жок» деген Матраимов мамлекетке канча акча төктү? 

УКМК быйыл, 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган. Анда ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген. Ошол эле күнү сот болуп, Матраимовду 2 миллиард сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирген. Тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде үй камагына бошотулган.

8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү. Буга чейин Матраимов «7 тыйынга да тиешем жок» деген.

АКШнын Финансы министрлиги 9-декабрда Райымбек Матраимовго санкция киргизди. Анда «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта, Р. Матраимовго салынган санкция коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.

«Магнитский актына» киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдери камакка коюлат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Мындан тышкары камакка коюлган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактардын үлүшү да камакка коюлат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле «кара тизмеге» илинген адамдын кызматын көрүүгө же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

Мирлан БАКИРОВ: «Америка биздин ички ишибизге кийлигишип жатат»

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатканы тууралуу кечээ, 10-декабрда парламенттин отурумунда билдирди. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.