ВИДЕО — Роза ОТУНБАЕВА: «Бийликке Бакиевдин адамдары келүүдө… «Манас» аэропортун Үсөн Сыдыковдун баласы башкарууда…»

ВИДЕО — Роза ОТУНБАЕВА: «Бийликке Бакиевдин адамдары келүүдө… «Манас» аэропортун Үсөн Сыдыковдун баласы башкарууда…»

Экс-президент Роза Отунбаевадан журналист Майраш Базлакунова Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Райымбек Матраимов жана референдум тууралуу интервью алыптыр.

«Учурда Бакиевдин адамдары бийликке кайтып келүүдө. Убагында журналисттердин артынан түшкөндөр, өлтүргөндөр, азыр коопсуздук органдарында чоң кызмат ээлеп калды. Каякты караба, Бакиевдин кишилери. Мына, «Манас» аэропортун эле алсак, Үсөн Сыдыковдун уулу башкарып жатат. Демек, ошол режим кайра калыбына келип жатат. Биз болсо эч нерсе болбогондой жүрөбүз»,-деген Роза Отунбаева.

Калганын төмөндөн көрүңүз!

Сыдыковдордун сыры жана чыры

Бактыбек Сыдыков ким десек, ал авиация тармагында 5 жыл эмгектенген аткаминер. 2007-2010-жылдары директорлук кызматта иштеген. 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында депутат болгон. Бирок 5 жылдык депутаттык ишмердигинде парламент трибунасына же микрофонго чыгып маанилүү маселе чечип сүйлөгөнүн же бир мыйзам жазганын көргөнүбүз да, укканыбыз да жок дегендер четтен чыгат! Ал бийлик алмашкандан кийин, 21-октябрда «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болуп дайындалган. Ага аэропорттун айрым кызматкерлери нааразы болуп, митинг уюштурушкан.

Ошонун эртеси, андагы президенттин милдетин убактылуу аткарган премьер-министр Садыр Жапаров 22-октябрда, КТРК телеканалына маегинде, Б.Сыдыковдун кызматтан кетээрин айткан. Анда ал: «Бактыбек Сыдыков менен сүйлөшкөм, ал ээлеген кызматынан 23-октябрда, кете турган болду. Эл нааразы болгон талапкерлерди кызматка койбойбуз. Элдин айткандарын эске алабыз»,-деген эле…

Баласы Алымбек Бактыбаев болсо, Бишкек шаардык кеңешинин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты. Бир учурда аны “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруучу компанияга тиешеси бар деп жазып чыгышкан. Бирок, бул маалыматты атасы Бактыбек Сыдыков жалган деп төгүндөп чыккан…

Атасы Үсөн Сыдыков  болсо, бир кездеги «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери, Курманбек Бакиев бийлигинде аппарат жетекчиси болгон. «Ош окуясына тиешеси бар» деп аты аталып, аудио тарап чыр болгон. Бирок өзү мындай маалыматты четке кагып келген.

Кошумчалай кетсек, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК карамагына Бишкек, Ош, Каракол, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы эл аралык беш жана жер-жерлердеги аймактык алты аэропорт кирет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.