БЕКНАЗАРОВ: «Данияр Үсөновдун Малайзиядагы мүрзөсүн көрсөткүлө, куран окуп турайын» деп Малайзия бийлигине нота жөнөттүм»

БЕКНАЗАРОВ: «Данияр Үсөновдун Малайзиядагы мүрзөсүн көрсөткүлө, куран окуп турайын» деп Малайзия бийлигине нота жөнөттүм»

Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров «Назар ньюс» сайтына барып, маек берип жатып Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновду эскерип, Малайзия бийлигине нота жөнөткөнүн айтыптыр. 

— Мен Малайзиядагы элчи катары, Малайзиянын бийлигине өзүбүздүн атуул жөнүндө нота жөнөттүм. «Кыргыз Республикасынын экс-премьер министри Данияр Үсөнов 2013-жылы Малийзияда өлгөн экен. Силер да, биздин Кыргызстан да мусулман өлкөсү. Андыктан айт күндөрү мен ага багыштап куран окуп турайын дегем, мүрзөсүн көрсөткүлө!» деп жазгам, жооп жок.

Элчинин айткандарын төмөндөгү ВИДЕОдон 4:14төн баштап көрсөӊүздөр болот:

Өзүн-өзү «өлдү» деген Данияр Үсөновдун (Даниил Урицкий) жоругу, биздин бийликтин «жомогу»…

Данияр Үсөнов Курманбек Бакиевдин бийлигинде премьер-министр болгон. Ал  2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийин, Кыргызстандан качып кеткен. Андагы кылмышы үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абак жазасына кесилген. Ошондон кийин, кайсы бийлик келбесин, «аны издеп жатабыз» деп эле сүт эмизип келген. Данчиктин дайны чыкпай кеткен, сүрөтү да эч жерге чыккан эмес. Анан эле издөөдө жүргөн адам башка ат менен Даниил Урицкий болуп чыга келди. Тагыраак айтканда, 2018-жылы, 27-июлда “Беларусь улуттук биотехнология корпорациясындагы” (БНБК) салтанаттуу жыйынында, Данияр Үсөновго коёндой окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырып, бирикменин директору болорун билдирген. Журналисттер ага Данияр Үсөновго окшоштугун баса белгилеп, ал тууралуу сурашса, уялбай туруп: «Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновду 2013-жылы Малайзияда көз жумган деп уккам. Мен аны тааныбайм, билбейт экем»,-деп танып кеткен.

Биздин бийликтен кандай реакция болду? Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Бишкектеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Ивановго нота тапшырган.

ЛУКАШЕНКО: «Данияр, беларустарды таарынтпаарыңды көрүп турам, анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош»

Ошондон эки жыл өткөндөн кийин, быйыл, 10-августта Данияр Үсөновдун калпы калкып чыкты. Анын абийирин Беларусиянын президенти Александр Лукашенко төктү. Ал агроөнөр жай комплексинин долбоору менен таанышканы барганда, долбоор тууралуу Лукашенкого Даниил Урицкий айтып берген. Анын долбоорун уккан соң, Лукашенко анын ийинине колун коюп: «Данияр, бу жерде саясат бирөө гана болушу керек, ал адамдар. Мен сенин принципиалдуу, таза адам экениңди, белорустарды таарынтпай турарыңды көрүп турам. Анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош«, — деп айтпайбы… Данияр деп көп жолу айтылат ал жерде…

Бул жолугушуудагы сүрөттөр да, видеодо да 10-августта Интернетке тарап, кызуу талкууланып, кыргыз эли бийликке нааразы болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасынын элчилигинин өкүлүн чакырып, Данияр Үсөновдун ээн-эркин жүрүшү боюнча түшүндүрмө талап кылган.

Лукашенконун айткандарын 7:50ден баштап көрсөӊүздөр болот:

Даниил Урицкий дейбизби, же Данияр Үсөнов дейбизби, айтор, ал Беларуста өз ишин жүргүзүп, алардын бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып, жыргап эле жүрөт. А биздин бийлик болсо, далил турса да, аны Кыргызстанга алып келип, жоопко тарта албаган алсыздыгын көрсөтүп келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.