Беш жылдан бери издөөдө жүргөн шылуун Москвадан кармалды

Беш жылдан бери издөөдө жүргөн шылуун Москвадан кармалды

ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москвадан алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бугун, 14-декабрда  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 1967-жылы туулган С.Ш. издөөдө жүргөн. Ал Кыргызстандын жараны, Ош облусунун тургуну.

С.Ш. 2015-жылы шериктери менен жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, банкты ачуу шылтоосу менен акча каражатын алып, изин жашырып качып кетишкен. Алар жабырлануучуга 2 350 000 сомдук материалдык зыян келтиришкен. Учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Ички иштер органдары издөөгө алынып, башка өлкөнүн аймагында жашырынып жүргөндөрдү аныктоо жана кармоо боюнча иштерди улантып жатат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.