Ильич ИСМАНБЕТОВ: «Прокурор коопсуздугуна байланыштуу терезеден чыгып кетиши ыктымал»

Ильич ИСМАНБЕТОВ: «Прокурор коопсуздугуна байланыштуу терезеден чыгып кетиши ыктымал»

Улук прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу Ош облустук прокуратурасында иликтөө башталды. Бул тууралуу мекеменин Изин суутпай издөө жана тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Ильич Исманбетов «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, прокурор коопсуздугуна байланыштуу терезеден чыгып кетиши ыктымал. «Терезеден чыгып кеткени боюнча иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен так маалымат берилет. Менин укканыма караганда, отурумда эл көп болгондуктан коопсуздугуна байланыштуу ушундай кадамга барган»,-деп билдирген Исманбетов.

Эске сала кетсек, С. Сарыков Ош шаардык сотундагы отурумга мас абалында катышып, андан соң судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу тасма 12-декабрда интернетке тараган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.