Ново-Покровкада үй өрттөнүп, үч наристе, бир аял күйүп кетти… Өрт эмнеден чыккан?

Ново-Покровкада үй өрттөнүп, үч наристе, бир аял күйүп кетти… Өрт эмнеден чыккан?

Ново-Покровка айылында үй өрттөнүп, бир аял, үч наристе каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 13-декабрда, түшкө маал Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы чон Чүй каналынын түштүк тарабында жайгашкан үй өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүү бөлүмү барган кезде, кашардын четиндеги турак жай катары колдонгон жагы жалындап, өрттөнүп жаткан. Тилекке каршы, тилсиз жоодон каза болгондор болгон.

Алар:

1). 1995-жылы туулган О.к.А.;

2). 2014-жылы туулган Т.А. (эркек бала);

3). 2016-жылы туулган Т.А. (кыз бала);

4). 2017-жылы туулган Ж.Б. (эркек бала). Алардын күйүп кеткен жансыз денеси табылып, РИИБнүн кызматкерлерине жана тез жардам кызматына тапшырылып берилди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 13-декабрь күнү  кашардын жумушчусу 1999-ж.т. Т.А. (эркек киши) от жагуу максатында, кашарга кирип, литрдик желим бөтөлкөсүндөгү күйүүчү майы менен (бензин) отту жандандыруу максатында меш орун алган бөлмөсүнө кирип, мештин ичине күйүчү майын куйган маалда, өрт желим бөтөлкөгө жабышып, андан сон А.Т. кийимине жабышкан, күйүп жаткан желим бөтөлкө бөлмөгө түшүп, бөлмөнү өрт каптаган. Өзү тирүү калган. Тилекке каршы, бир аял жана 3 наристе каза болуп калды.  

Кашардын узундугу 36 метр, туурасы 16 метрди түзөт. Кашардын дубалы самандан, бөлмөлөрдүн дубалы жыгачтан (финский) полу жана шыбы жыгачтан. Жылуулук системасы мештен (печное). Чатыры шиферден, балкалары жыгачтан курулган.  Өрттүн кесепетинен 320 чарчы метр күйгөн, кашардын чатыры жана эки бөлмөсү жана киребериши күйгөн, 1080 м2 өздүк курам тарабынан сакталып калган.

Билдирүү: саат 14:36м

Жетүү: саат 14:51м

Чектөө: саат 15:14м

Толук өчүрүү:саат 20:47

ӨКМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.