Талапкерлер кайсы күнү жекеме-жекеге чыгат?

Талапкерлер кайсы күнү жекеме-жекеге чыгат?

Бүгүн, 14-декабрда БШК президенттикке талапкерлердин теледебатынын мөөнөтүн аныктап берди. 18 талапкер чүчү кулак кармоо менен эки турдун ар бир күнүнө алтыдан бөлүндү. Теледебаттар эки тур менен КТРКда өтөт: биринчиси — 28, 29, 30-декабрда, экинчиси — 6, 7, 8-январда.

Биринчи турда кайсы талапкерлер беттешет?

28-декабрь (дүйшөмбү):

  • Канатбек Исаев;
  • Клара Сооронкулова;
  • Адахан Мадумаров;
  • Аймен Касенов;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Каныбек Иманалиев.

29-декабрь (шейшемби):

  • Мыктыбек Арстанбек;
  • Садыр Жапаров;
  • Рашид Тагаев;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Имамидин Ташов;
  • Элдар Абакиров.

30-декабрь (шаршемби):

  • Бабыржан Тольбаев;
  • Курсан Асанов;
  • Равшан Жээнбеков;
  • Жеңишбек Байгуттиев;
  • Улукбек Кочкоров;
  • Абдил Сегизбаев.

Экинчи турдачы?

6-январь (шаршемби):

  • Садыр Жапаров;
  • Адахан Мадумаров;
  • Канатбек Исаев;
  • Курсан Асанов;
  • Элдар Абакиров;
  • Аймен Касенов.

7-январь (бейшемби):

  • Клара Сооронкулова;
  • Абдил Сегизбаев;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Равшан Жээнбеков;
  • Рашид Тагаев;
  • Каныбек Иманалиев.

8-январь (жума):

  • Улукбек Кочкоров;
  • Бабыржан Тольбаев;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Жеңишбек Байгуттиев;
  • Имамидин Ташов;
  • Мыктыбек Арстанбек.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Үгүт иштери 15-декабрда башталды жана добуш берүүгө 24 саат калганда — 9-январда токтойт. Бул күнү Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.