4 килограмм 236 грамм гашиш ташып бараткандар кармалды

4 килограмм 236 грамм гашиш ташып бараткандар кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды автоунаада ташып бара жаткан адамдарды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген шектүүлөр кармалган. 1998-жылы туулган Э.Б. аттуу айдоочунун «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаа Петровка айылынан токтотулган. Анын жанында 1995-жылы туулган Т.Т. аттуу жүргүнчү болгон. Автоунаадан жүргүнчүгө таандык кол сумкадан 21,58 граммды түзгөн өзгөчө кендир жыты бар каражат табылса, айдоочуга таандык азык-түлүк салынган каптын ичинен өзгөчө кендир жыты бар 9 даана таңгакталган каражат табылган. «Гашиштин» жалпы салмагы 4 килограмм 236 граммды түзгөн. Алар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.