Маек — Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Садыр Жапаров президент болуп келсе, коррупционерлердин жыргал заманы бүтөт»

Маек — Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Садыр Жапаров президент болуп келсе, коррупционерлердин жыргал заманы бүтөт»

Экс-депутат, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич менен илим, билим структурасы, алдыдагы шайлоо тууралуу маек курдук.

— Каныбек Осмоналиевич, сиз жакында эле Садыр Жапаровдун илим, билим жаатындагы кеңешчиси болдуӊуз. Билим жаатында кандай сунуштарды киргизип жатасыз?

— Садыр Нургожоевич абдан жооптуу, ары ардактуу кызматты мага ыроолоду. Өмүр бою илим жана билим деп жүргөн жаным, макул болуп, чоӊ ынтызаарлык менен ишке кириштим. Азыр каадаланып же бой көтөрүп отура турган заман эмес. Менимче, жаӊы бийлик илим менен билим берүү ишин өзүнүн саясатынын негизги өзөгү деп жарыя кылуусу абзел. Анан ошол ураанга жараша каржы маселесин чечип берүүсү керек. Илим, билимден каражатты аяштын кереги жок. Анткени бул тармак биздин келечегибиз. Бул бир. Экинчиден, илим менен билим берүүнү жеке баюуга буруп алган айбандарды катуу жазалоо зарыл. Алардын аттары белгилүү. Мисалы, мен алардын аттарын ачык атоого даярмын. Үчүнчүдөн, илимий долбоорлор ачык сынак менен өтүп, анан гана каржылануусу зарыл. Билим берүүнү СССРдин учурундагы шартка өткөрүү зарыл. Башка жол жок!

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине ректор болуп баруудан эмнеге баш тартып койдуӊуз?

— Бул эми өзүнчө эле роман-эпопея. Мага сунуш түшкөндө, биринчи ирет, ал жер коррупциянын уюгу болуп калгандыгын айткамын. Аны жок кылууга көптөн бери даярданып жүргөндүгүмдү да билдиргенмин. Анан эле өкмөттөгү жооптуу кызматтагы бир «азаматтын» кийлигишүүсү аркылуу КУУнун кээ бир кылмыштуу каармандары ызы-чуу түшүшүп, ар кандай ыкмалар менен коргонуп жатып калышты. Мен келсем алардын жыргал заманы дароо токтоорун жана көптөгөн коррупциялык иштери казылып чыгаарын туюшту. Жан алакетке түшүп мени каралап киришти. Жаңы министрди мага каршы буруп коюшту. Баары түшүнүктүү болду. Буларды эми аябаш керек, ал үчүн убакыт керек экендигин айттым. Бир-эки айдан кийин ырайымсыз жазалоо керектигин көрүп турам. Ошол үчүн баш тарттым. Мага ректор болуп алып, эт менен челдин ортосунда жыргап жашап жүрүүнүн кереги жок. Мен илим-билим берүү жаатындагы коррупционерлер менен күрөшүүнүн келишкис жолуна түштүм. Ал үчүн бир-эки ай убакыт талап кылынып турат.

— Кыргызстандагы коррупцияны жок кылуу татаалдашып баратат. Бийликке келген эле президент, «Коррупцияны жок кылам» деп келип, элдин үмүтүн өчүрүп деле коюшту. Азыр эл эч кимге ишенбей калды, бирок, Садыр Жапаровго ишеним арткандай болуп турат. Жапаров элдин үмүтүн актай алат деп ишенимдүү айта аласызбы?

— Карапайым элдин акыркы үмүтү Садыр Жапаров болуп калды. Ал эми ага каршы чыккандардын басымдуу көпчүлүгү — мурунтан бийликти мыкчып эзип кармап, элдин канын соргон уурулар. Башка себеби деле жок. 2021-жылдын 10-январында эл Садыр Жапаровду көпчүлүк добуш менен президент кылып шайлап алат. Мен буга толук ишенем. Анан көрөсүздөр, ууру-коррупционерлердин жыргал заманы бүтөт. Кыргызстан уурулук менен жаралган карыздардан кутулмак турсун, өнүгүүнүн Кайра Жаралуу доорун көздөй багыт алат!

— Сөздүн ачыгы, Садыр Жапаров Конституцияны жаӊылайм менен айрымдарга жаман көрүнүп калды. Бийликке келгендер эле Конституцияга жаӊы көйнөк кийгизем менен алек болуп келаткандары ачуу чындык да. Буга кандай дейсиз?

— Констиуцияны жаңылоо — бул элдин талабы. Ал азыр жаңыдан жазылып жатат. 10-январда эл башкаруунун формасын тандап берсе, ошого жараша жаңы Констиуция жаралат. Анан убакыт сааты менен референдум болуп, аны карапайым эл өзү бекитип берет. Кыргызстандын жаңы доору ошол документ менен кошо башталат. Кескин өзгөрүүлөр болот. Бийликтин жалгыз булагы болгон карапайым эл, өзүнүн тагдырын өзү чечип, жоопту сезе билген бийликке эгедер болот. Мен буга бекем ишенем!

Мен бир нерсеге таң калам да! Жаңы Конституциянын негизги базалык параметрлери эми эле араң жазыла башталды. Баягы 80 депутаттын «жазган» варианты Конституциялык кенешме аркылуу түп-тамырынан бери өзгөрүлүп жазылып жатат. Азыр бир аз тыным жарыяланды. Жаңы долбоордо укмуш инновациялык сунуштар киргизилип жатат. Биз каалоочулар келгиле, пикириңерди айткыла деп жатабыз! Буюрса, 10-январда эл башкаруу формасын тандап алса, Констиуциянын элге пайдалуу вариантын сунушу кылабыз! Мен буга ишенем!

— Сиз парламенттик шайлоонун алдындагы маегибизде: «Бул шайлоодо чоӊ чыр чыгат, бийлик куулат» деп айттыӊыз эле, ал төп келди. Бул жолу шайлоо кандай болот, чыр чыкпайбы деги?

— Бул жолку шайлоодо калың эл Садыр Жапаровду колдойт. БШК эле адатынча эки жээкке ойноп туруп албаса, президент кылып калк шайлайт. Бирок, кылмыш иштери бар саясатчылар козголоң кылышат. Садыр мырза алардын провокациясына баш ийбей чыдамдуулук менен жеңип кетсе, эл түшүнөт дагы, Садыр инимдин бийлигин расмий ырастап берет. Азыр Садыр Жапаровдун чоң кадамы — бул элдин ишеними! «Адам баласында эӊ аруу тилек — бул ишеним. Биз ишеничтен уланабыз, ишеничтен куралабыз!» деп Садыр Нургожоевич өзү да айтып жатпайбы!

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. «2020-жылкы парламенттик шайлоодо чыр чыгат, бийлик алмашат» деп «көзү ачыктык» кылган Каныбек Осмоналиевичтин кызыктуу маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.