Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА: «Бул шайлоодо №2 форма болбогондугунан улам шайлоочулардын саны азайды»

Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА: «Бул шайлоодо №2 форма болбогондугунан улам шайлоочулардын саны азайды»

Учурда 3 миллион 552 миң 582 шайлоочу катталды. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 15-декабрда, кереге кеңештин тегерек столуна катышып жатып билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын саны 14-декабрга карата түзүлгөн тизмеден алынган маалымат. Ага өзгөртүүлөр (29-декабрга чейин) киргизилет. 3 миллион 552 миң 582 шайлоочу бар. Бул шайлоодо № 2 форма болбогондугунан улам шайлоочулардын саны азайган. Эң көп шайлоочулардын саны Ош облусунда катталган: 726 миң 311 адам. Чет өлкөлөрдө: 35 575 адам каттоодо турат, алар № 2 форманы колдоно алат.

18 талапкер качан дебатка чыгат? 

Президент болом деген 18 талапкер бүгүн үгүт иштерин баштады. Алар жер-жерлерди кыдырып шайлоочулар менен жолугуп, ММК, интернет аркылуу өзүнүн программасын тааныштырат. Кечээ БШК  алардын теледебатынын мөөнөтүн аныктап берген. КТРК, ЭлТР каналдарынан акысыз эфир алуу боюнча чүчү кулак кармашкан. Эки турдун ар бир күнүнө талапкерлер алтыдан бөлүндү.

КТРКдагы теледебаттар эки тур менен (биринчиси: 28, 29, 30-декабрда, экинчиси: 6, 7, 8-январда) өтөт.

Биринчи тур

28-декабрь (дүйшөмбү):

  • Канатбек Исаев;
  • Клара Сооронкулова;
  • Адахан Мадумаров;
  • Аймен Касенов;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Каныбек Иманалиев.

29-декабрь (шейшемби):

  • Мыктыбек Арстанбек;
  • Садыр Жапаров;
  • Рашид Тагаев;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Имамидин Ташов;
  • Элдар Абакиров.

30-декабрь (шаршемби):

  • Бабыржан Тольбаев;
  • Курсан Асанов;
  • Равшан Жээнбеков;
  • Жеңишбек Байгуттиев;
  • Улукбек Кочкоров;
  • Абдил Сегизбаев.

Экинчи тур

6-январь (шаршемби):

  • Садыр Жапаров;
  • Адахан Мадумаров;
  • Канатбек Исаев;
  • Курсан Асанов;
  • Элдар Абакиров;
  • Аймен Касенов.

7-январь (бейшемби):

  • Клара Сооронкулова;
  • Абдил Сегизбаев;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Равшан Жээнбеков;
  • Рашид Тагаев;
  • Каныбек Иманалиев.

8-январь (жума):

  • Улукбек Кочкоров;
  • Бабыржан Тольбаев;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Жеңишбек Байгуттиев;
  • Имамидин Ташов;
  • Мыктыбек Арстанбек.

Үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга (саат 8.00) чейин жүрөт. Добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт. Ошентип 10-январда Кыргызстан 6-президентти тандайт. Ким болоору азырынча белгисиз, ал баарына кызык болуп турат. Эмнеси болсо да, шайлоо тынч өтсө экен!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.